Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 19-майда жаан жаайт

Кыска кабар | 18 мая 2023 | 387 | 0
Сүрөт: Zafer Dincer

Кыргызгидромет билдиргендей, 19-майга караган түнү Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз көпчүлүк аймакта жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26,

Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24,

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22.

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +24…+26 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM