Биз менен байланышыңыз

Сокулукта балыктардын массалык кырылышы териштириле башталды

Коом | 17 мая 2023 | 388 | 0

Сокулук районундагы Чу дарыясында балыктар кырылып калды. Айыл чарба министрлиги бул боюнча текшерүү, териштирүү башталганын билдирди. Сокулук райондук ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери өлгөн балыктын патологиялык материалдарын жана суунун үлгүлөрүн алышып, лабораторияга жөнөтүшкөн. Айрымдар балыктардын кырылышын сугат суунун майнабы менен агып келген химиялык заттарга байланыштырышат. 

Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов балыктардын массалык кырылышы боюнча териштирүүнүн жыйынтыгы үч күндөн кийин белгилүү болорун айтты.

Ал жергиликтүү тургундарга себептери такталмайынча балык жебей турууну эскертет.

«Сокулук райондук ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери жеринен балыктын патологиялык материалдарын жана суунун үлгүлөрүн алышкан. Балыктардын өлгөнүнүн себептерин аныктоо үчүн бардык материал Республикалык ветеринардык лабораторияга өткөрүлүп берилди. Жыйынтыгы үч күндөн кийин белгилүү болот. Жергиликтүү тургундардан себептери такталмайынча балык жебей турууну суранабыз. Ал эми өлгөн балыктар утилизация болду».

Балыктардын жапырт кырылышы буга чейин да катталган. Өткөн жылдын январь айынын башында Токмок шаарынын тегерегиндеги көлмөлөрдө форель балыгы кырылганы маалым болгон. Балык чарба департаменти билдиргендей, 10-январда жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөр балыктар бир клеткалуу митеден өлгөнүн аныктаган.

Мындан улам департамент Ысык-Ата жана Чүй райондорундагы көлмөлөрдө багылган балыкты сатууга жана экспорттоого убактылуу чектөө киргизген. Айрым адистер илдеттин чыгышына көлмөлөрдүн булганышы себеп болгонун айтышкан. Бул окуя Кыргызстандагы балык чарбаларынын көлмөлөрү канчалык таза деген маселени козгогон.

Балык чарбасы боюнча адис Урмат Жумалиев балык багуу үчүн атайын талаптарга жооп берген көлмөлөр даярдалышы керектигин белгиледи.

Анын айтымында, сугат суунун майнабы куйган жерлерде балык кармоого болбойт. Мындан сырткары балык багам деген ар бир жарандын көлмөлөрүн Балык департаменти дыкат текшерип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек.

«Бүгүнкү күндө жерди сугаруу үчүн колдонулган сууга ар кандай химикаттар кошулат. Алар өсүмдүктөрдү курттардан жана башка аларга зыян алып келүүчү нерселерден коргойт. Бирок ал суу — балыктар үчүн зыян. Ал эми балык кармоочу жайды иштетүүдөн мурун анализдеп чыгуу керек. Жердин, топурактын, суунун сапатын анализден өткөрүү керек. Санэпидден да өткөрүү керек. Балык департаменти кандай жерге балык бакса болорун, кайсы түрүн кармаса болорун түшүндүрүп, текшериши зарыл».

Айыл чарба тармагы боюнча адис Турусбек Асаналиевдин пикиринде, кармоо эрежелери так сакталса, балыктар кырылбайт.

Ал бүгүнкү күндө өлкөдө туш келди көлмөлөрдө балык өстүргөндөр көбөйүп жатканын белгиледи. Муну менен катар ууланган балыктар адамдардын да ден соолугуна зыян экенин эскертти. Ошондой эле ал балык багууда эмнелерди эске алуу керектигин айтып берди.

«Балык багууда бир топ эреже бар. Алардын бири айыл чарба багытындагы жерлердин суулары көлмөлөргө агып түшпөшү керек. Себеби алардын курамында ар кандай химиялык заттар бар. Биздин балык кармоочулар дренаж жерлерде эле балык багып жатышат. Ал жерде топурактагы эриген суулардын баары сарыгып туруп, анан дренажга түшөт. Анда да уулуу заттар болушу мүмкүн. Негизи суулардын да анализин алуу керек. Балыктын да түрлөрү бар. Түрүнө карата көлмөлөр да тандалат. Ушуга окшогон шарттар сөзсүз түзүлүшү керек».

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандагы сууларга үч жыл мурун 17 млн гана чабактын уругу ташталса, өткөн жылдын 10 айында эле 28 млн чабактын уругу коё берилген.

Былтыр балык өндүрүү эки эсе өскөн, 2021-жылы балык өндүрүү 10 миң 344 тоннаны, былтыр 20 миң 729 тоннаны түзгөн.

Балык жана балык азыктарын экспорттоо 2021-жылы 5 миң 183 тоннага, 2022-жылы 6 миң 871 тоннага жеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM