Биз менен байланышыңыз

УКМК: Жайыл РЭТтин мурдагы башчысы жана башкы инженери кармалды

Кыска кабар | 15 мая 2023 | 211 | 0

Чүй облусунун Жайыл райондук электр тармактарынын (РЭТ) мурдагы жетекчиси Т.А.Б. жана башкы инженери Ж.М.Т. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар коррупциялык схеманы уюштурууга шектелип кармалышкан.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Жайыл РЭТтин жооптуу адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жарандардан электр иштерин жүргүзүү үчүн системалуу түрдө ири суммадагы акча каражатын алып, Жайыл РЭТтин негизги каражаттары жана инвентардык баалуулуктары негизсиз коротулганы аныкталган.

Мурдагы жетекчи Т.А.Б. жана башкы инженери Ж.М.Т.нын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 1 млн 32 миң 197 сом ири зыян келтирилип, ал толук өндүрүлгөн.

Учурда козголгон иштин алкагында бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды иликтөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM