Биз менен байланышыңыз

Эскертүү: 15-19-майда Боомдо таш түшүрүү иштери жүрөт

Кыска кабар | 14 мая 2023 | 227 | 0

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкана билдиргендей, таштарды кулатуу иштери аталган жолдун 131-чакырымында 15-19-май күндөрү жүргүзүлөт.

ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан аталган күндөрү саат 09:00 — 15:00 чейин унаа жолун маал-маалы менен жабып турат. Жолдо 30-40 унаа чогулуп калган учурда таштарды кулатуу иштер токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турмакчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM