Биз менен байланышыңыз

15-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 14 мая 2023 | 381 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 15-майда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31;

Талас облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24;

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 27…29 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM