Биз менен байланышыңыз

Ошто Дүйнөлүк эпостордун эл аралык фестивалы өтөт

Кыска кабар | 14 мая 2023 | 169 | 0

Ош шаарында Дүйнөлүк эпостордун эл аралык VII фестивалы өтөт. Ага 30га жакын өлкөнүн көрүнүктүү өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, иш-чара ушул жылдын 17-21-май күндөрү өтүп, анын алкагында “Мыкты семетейчи”, “Мыкты дастанчы”, “Мыкты Кыргыз боз үйү”, “Саркеч көчмөн” жана “Кадырлуу каада салт” сынактары уюштурулат.

Маданий долбоор бул жылы Кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана Казак элининин улуу жазуучусу Муктар Ауэзовдун 125 жылдыгына арналат.

Эл аралык иш-чара КР президенти тарабынан колдоого алынып, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана “Арт-Араба” коомдук фонду тарабынан өткөрүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM