Биз менен байланышыңыз

Тигүүчүлөрдүн балдары үчүн бала бакча ачкан ишкер менен маек

Блог | 14 мая 2023 | 1188 | 0

11-майда Төмөнкү Чүй айылында «Кул Брос» холдинг-компаниясынын негиздөөчүсү Сүймөнкул Жолдубаев фабрикасында эмгектенген тигүүчүлөрдүн жана айыл тургундарынын балдары үчүн бакча салып берди. Бул айылдын тарыхындагы алгачкы бала бакча экени айтылды.

Ишкер Сүймөнкул Жолдубаев «Маралга» буларды айтып берди.

— Тигүү фабрикасында эмгектенгендердин балдары үчүн бала бакча ачуу демилгеси, идеясы эмнеден келип чыкты?

— Жумушчулардын көйгөйү бала бакчалардын жоктугу болуп жаткан. «Эгер алардын маселеси чечилбесе, биздин ишибиз жүрбөйт» деген тыянакка келип, ушундай чечим кабыл алдык. Биздин компаниянын урааны «Жашатуу үчүн жашоо» болгондуктан, алгач жумушчу-кызматкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүп беришибиз керек эле. Бул идеяны команда колдоп, бала бакча ачуу максатыбыз ишке ашты.

— Бакчага фабрикада иштегендердин эле балдары барабы?

— Бала бакча 50 орунга ылайыкталган. Биздин биринчи максат компанияда иштегендерге шарт түзүү болуп саналат. Андан тышкары жергиликтүү калктын балдарын да кошуу мүмкүнчүлүгү каралып жатат. Бүгүнкү күндө бакчадагы балдардын 20%ы айылдан келишет.

— Төлөмдөр кандай болот же компания каржылап береби? 

— Биздин компанияда иштегендердин балдары үчүн айына 1000 сомдон, сырттан келген балдар үчүн айына 3000 сомдон төлөм алынат. Баарыбыз билгендей, ар бир мекеменин чыгымы аябай көп. Анын аздыгына же көптүгүнө карабастан баарын каржылап берүүгө кызыкдарбыз. Бала бакчанын шартын жакшыртуу, тейлөө жана андан ары өнүктүрүү сыяктуу иштер компаниянын эсебинен жүргүзүлөт.

— Бала бакчага мугалим, тарбиячы алууда көйгөй жаралбай элеби? 

— Бала бакча иштей баштады. Мугалимдер, тарбиячылар ишке алынды. Баары — тажрыйбалуу, бул тармакта көп жылдан бери иштеген адистер. Тактай кетсек, англис тили, орус тили мугалимдери, андан тышкары да бир катар ийримдер боюнча адистер окутуп жатат. Азырынча бул жаатта көйгөй жарала элек. Алдыда бала бакчаны кеңейтүү планыбыз бар.

— Жетекчилердин көбү эле кол астында иштегендерге шарт түзүүнү ойлоно беришпейт. Сиз бул идеяны кайдан алдыңыз? 

— Идея сырттан келген жок. Бул маселени өзүм жакшы түшүнөм. Өзүбүздүн гана пайдабызды ойлой бербестен, жумушчу-кызматкерлерибиздин да маселесин чечип берсек, алар бизге жакшы иштеп беришет. Үйүндө көйгөй болсо, жумушта көңүлдүү иштей албайт. Бала бакча үй-бүлөсүндөгү негизги көйгөй болуп, ошол эле учурда материалдык жактан да муктаждык болуп жатканынан аны чечип берүүгө аракет жасадык.

Ар бир ишкер үчүн өз жумушу маанилүү. Бүгүнкү күндө бизнес өзүнө социалдык маселелерди да камтышы керек. Себеби элдин өсүшү ишкерлерди өнүгүүсү болуп эсептелет.

— «Кул Брос» тигүү фабрикасында канча адам эмгектенет?

— Фабрикада 1500 адам иштейт. Учурдагы жазгы талаа иштерине байланыштуу жумушчулардын саны азайган. Ал эми башка учурларда 1800гө чейин жетет.

— Башка аймактарга, айылдарга да ушундай бала бакчаларды ачуу планыңыздар барбы? 

— Негизи биздин компаниянын өлкөнүн билим берүү тармагына багытталган жакшы пландары бар. Тигүү фабрикасы кайсы райондо жайгашса, ошол жерге бала бакча ачуу планыбыз бар. Быйылкы жылга эки бала бакча курууну пландаштырганбыз. Биринчисин ачтык, экинчиси жакын арада ачылат. «Ар бир фабриканын жанында бала бакча жана мектеп болот» деген үмүттөбүз.

Өлкөдө социалдык жайлар, айрыкча, билим берүү мекемелери жетишсиз. Мисалы, 100 бала болсо, анын 24ү гана бала бакчага барып, 76сына орун жетпейт экен. Ушул ачылыш менен башка ишкерлерге үлгү болобуз деген ниеттебиз. Бул демилгени башка компанияларга, ишкерлерге да сунуштайт элем.

«Кул Брос» компаниясы КМШдагы ири тигүү фабрикаларынын бири болуп саналат. Компаниянын продукциясы КМШ жана Европа өлкөлөрүнө экспорттолот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM