Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Карача айылындагы турак үйлөрдү сел каптады

Кыска кабар | 14 мая 2023 | 491 | 0

Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районуна караштуу Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Карача айылында сел жүргөн.

ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, 14-майга караган түнү саат 02:30дар чамасында катуу жаан жаап, Ат-Кол чегинен түшкөн суу агындылары арыктан ашып, 15 турак үйдүн короосун каптаган.

Жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Жеринде айыл өкмөт кызматкерлери, райондук ЖК кызматтары тактоо иштерин жүргүзүүдө.

«Базар-Коргон райондук ӨК бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан короого толуп калган сууларды суу сордуруучу мотопомпа менен чыгаруу иштери, райондук СЭК борборунун атайын бригадасы тарабынан залалсыздандыруу иштери жүрүүдө», – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле айыл өкмөттүн тийиштүү адистерине тазалоо иштери боюнча тапшырмалар берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM