Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Кытай-Кыргызстан автожолун куруу жана кеңейтүү долбоору талкууланды

Кыска кабар | 14 мая 2023 | 224 | 0

Бишкекте «Эркечтам» пункту аркылуу Кытай-Кыргызстан автожолун куруу жана кеңейтүү долбоору талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн президенттин администрациясынын, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн Кытай мамлекетинин өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Ош облусунун аймагында жайгашкан «Эркечтам» өткөрүү пункту аркылуу Кытай-Кыргызстан автожолун куруу жана кеңейтүү долбоорун талкуулоо өзгөчө көңүл бурулган.

Талкуунун жүрүшүндө тараптар өз ара жүк ташууну көбөйтүүгө эки тараптын кызыкдар экендигин белгилеп, өз ара байланыштарды улантууга жана долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу боюнча конкреттүү сунуштарды берүүгө макулдашышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM