Биз менен байланышыңыз

Түркияда президенттик шайлоо өтүп жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 14 мая 2023 | 233 | 0

Бүгүн, 14-майда Түркияда президенттик шайлоо өтүп жатат.

Президентикке үч талапкер ат салышууда: учурдагы президент Режеп Тайып Эрдоган, оппозициячыл алты партиядан турган «Элдик альянс» коалициясынан Кемал Кылычдароглу жана “Ататүрчүлөр альянсынан” чыккан Синан Оган.

Өлкө боюнча 190 миңден ашык добушкана ачылды.

Бул учурдагы президент Режеп Тайып Эрдоган талапкер боло турган экинчи шайлоо. Буга чейин бийликтеги партия талапкер катары экинчи мөөнөткө Эрдоганды кайра көрсөтө турганын жарыялаган.

Түркиянын баш мыйзамынын 101-беренесине ылайык, 40 жашка толгон, жогорку билимдүү, парламент депутаттыгына шайлануу укугуна ээ түрк жараны өзүн талапкер катары көрсөтүүгө укуктуу. Түркияда президент 7 жылга шайланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM