Биз менен байланышыңыз

Бишкекте унаа кыймылы үчүн Панфилов көчөсү ачылып, Орозбеков көчөсү жабылат

Кыска кабар | 14 мая 2023 | 180 | 0

Бишкекте унаа кыймылы үчүн Панфилов көчөсү ачылып, Орозбеков көчөсү жабылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, курулуш иштери аяктагандан кийин Панфилов көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү ачылды.

«Аталган көчөдө эски асфальт алынып, тосмо таштары жана ирригация системасы орнотулуп, люктар жолдун деңгээлине көтөрүлүп, эки катмар асфальт-бетон аралашмасы төшөлдү», — деп айтылат маалыматта.

Мэриядан белгилешкендей, жакында тротуардын курулушу уланып, бул объектиде курулуш иштерин жыйынтыкталат.

Ошондой эле 15-майдан тарта Орозбеков көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү унаалар үчүн жабылат. Аталган көчөдө ирригация системасы орнотулуп, жолду жана тротуарларды жаңылоо иштери пландалууда.

Шаардык мэрия жарандардан алдын ала каттамды пландап алууну суранат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM