Биз менен байланышыңыз

Президент Ленин округунан депутаттыкка талапкерлер менен жолукту

Кыска кабар | 12 мая 2023 | 126 | 0

Бүгүн, 12-майда президент Садыр Жапаров №26 Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер менен жолугушту.

Президент талапкерлерге БШКнын башчысы менен бирге экскурсия жасап, шайлоочуларды идентификациялоонун жогорку IT-технологиялары колдонулган жаңы система кандай иштээрин өз көзү менен көрүп чыгууну сунуштады.

«Эгемен Кыргызстандын тарыхында шайлоолордун жыйынтыгына бир нече жолу нааразычылыктар жаралып, элдин талаптары эске алынбай, тилекке каршы, үч жолку төңкөрүштү башыбыздан кечирдик. Эң башкысы, элдин бийликке болгон ишенимине доо кетти. Мына ошондуктан биз өткөндөн сабак алып, ар бир шайлоого терең маани берип, тыкыр көңүл буруп, аны ачык-айкын, таза өткөрүшүбүз керек. Элдин бул процесске ишеними болушу үчүн шайлоо маданиятын жогорулатууга жетишүү биздин башкы максатыбыз болушу абзел. Бул үчүн бизде саясий эрк жетиштүү. Мындан тышкары жаңы шайлоо технологияларын киргизүүнүн аркасында шайлоо процесси жакшырып, ачык-айкын болуп калды. Кандайдыр бир адам фактору жокко чыгарылат», — деди ал.

Мамлекет башчысы шайлоону таза өткөрүү жеке эле мамлекеттик бийликтин милдети эмес, шайлоонун акыйкат жана ачык өтүшүнө ар бири өз салымын кошушу керектигин белгиледи.

Президент талапкерлерди мыйзамдуулукту так сактоого жана шайлоочулардын добушун сатып алууга, бюллетендерди сүрөткө тартып шайлоочулардан отчёт алууга, добуш берүүнүн купуялуулугун бузууга, шайлоочуларды шайлоо тилкелерине ташып келүүгө жол бербөөгө чакырды. Мындай мыйзам бузуулар жана башка мыйзамсыз аракеттер болгон учурда тиешелүү чаралар көрүлөт.

Садыр Жапаров бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлгөнүн, эми ошол түзүлгөн шарттарды бийик жоопкерчилик менен колдонуусун дагы бир жолу айтып өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM