Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдөгү эки пансионатка айып салынды

Кыска кабар | 12 мая 2023 | 137 | 0

Ысык-Көлдө «Керемет-Суу» жана «Дельфин» пансионаттарына айып салынды. Бул тууралуу Жаралышы ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Бул эки пансионаттын экологияны бузуп жатканы тууралуу кабар апрель айынын аягында массалык маалымат каражаттарына чагылдырылган. Министрлик анын негизинде пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү үчүн Экономика жана коммерция министрлигинен уруксат алган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө «Керемет-Суу» жана «Дельфин» пансионаттарынан бир катар мыйзам бузуулар табылган. Эс алуу жайдын ээлери уруксат кагаздарын көрсөтүшкөн эмес. Ошондой эле курулуш долбоорлору чийилбей, экологиялык экспертизадан оң корутунду алынбай, мыйзамсыз жол менен салынган. Андан тышкары термалдык ысык сууларды толтуруу үчүн бассейндер курулуп, алардан чыккан суу түз эле Ысык-Көлгө куюп турган.

Бул өңдүү бир катар мыйзам бузуулардын негизинде тиешелүү протокол толтурулуп, айып пул салынган. Эки пансионаттын ишин токтотуу талабы коюлган кайрылуу тиешелүү органдарга жөнөтүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM