Биз менен байланышыңыз

УКМК жашыруун казинодогу тинтүү боюнча маалымат берди

Кыска кабар | 12 мая 2023 | 238 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзгөн иликтөөлөрдүн алкагында Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз иш жүргүзгөн кумаркана бар экени аныкталды.

Алдын ала маалыматтын негизинде 27-апрелде жашыруун жай тинтилип, натыйжада 327 миң сом жана 16 персоналдык компьютер табылган. Андан тышкары мекеменин жетекчиси Ж.А. аттуу Кыргызстандын жаранынан 597 миң сом, 4800 АКШ доллары, 4000 рубль жана 4 процессор алынган.

Учурда уруксатсыз иштеп жаткан оюн жайларын аныктоо жана ага бөгөт коюу иштери уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM