Биз менен байланышыңыз

Бишкекте инклюзивдик билим берүүдөгү көйгөйлөр талкууланууда

Кыска кабар | 12 мая 2023 | 182 | 0

Бүгүн, 12-майда Бишкекте «Биздин мектеп» долбоорунун алкагында уюшулган инклюзивдик билим берүү боюнча экинчи форум өтүүдө.

Форум баалуу идеяларды талкулоо үчүн арналган инновациялык аянтча – TEDx форматында болууда. 

Анда тажрыйбалуу мугалимдер жана эксперттер педагогикалык башкаруучу усулдары тууралуу маалыматтар менен бөлүшүп, инклюзивдик билим берүүгө байланышкан инновацияларды талкуулап жатышат.

Панелдик талкуулар уюштурулуп, мектептердин инклюзивдик режимге өтүүсүнүн чет өлкөлүк жана ата мекендик сыналган моделдери тартууланат. 

Спикерлер ошондой эле атайын билим берүү шарттарын түзүү, педагогикалык жамааттагы иштерди макулдашуу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген мектепке чейинки курактагы балдардын мектепке кирүүсүн камсыздоо маселелерине байланышкан суроолорго жооп беришет.

Форумдун экинчи бөлүгүндө Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун сынактык мектептеринин 7 тайпасы үчүн интеллектуалдык викторина өткөрүлмөкчү. Мыкты катышуучулар диплом жана эстелик байгелер менен сыйланат.

Иш-чаранын жүрүшүндө сынактык мектептердин окуучуларынын көргөзмөсү өтүп, биргелешкен флешмоб уюштурулмакчы.

Иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги, Борбор Азиянын Евразия фонду тарабынан «Сорос-Кыргызстан» фондунун каржылык колдоосу менен уюштурулду. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM