Биз менен байланышыңыз

УКМК: Сүттү жашыруун даярдап жүргөн цехтер аныкталды

Кыска кабар | 12 мая 2023 | 237 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети сүт даярдоо боюнча жашыруун цехтер табылганын кабарлады.

Маалыматка караганда, бул цехтин кожоюндары бир нече жылдан бери фермерлер менен заводдорго ортомчу болушуп, малчылардын сүттү заводдорго түз жеткирүүсүнө тоскоолдук жаратып келишкен.

Тергөөнүн жүрүшүндө бул ортомчулар сүттү сатып алышып, андан ар кандай азыктарды алган соң, заводдорго көк сүт жеткирип жүрүшкөнү аныкталган.

Аны менен катар сүт өндүрүүчүлөр салыктан качып, кирешесинин суммасын жашырып келишкен. Такталгандай, цехтер жылына 140 млн сомдон ашуун киреше табышып, салык кызматына 34 млн сомго чукул зыян келтиришкен.

Бул иштерди уюштургандардын башчысы катары шектелген А.М. аттуу жаран 10-майда кармалып, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык айып коюлган.

Учурда Мамлекеттик салык кызматы республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча сатып алуу агенттеринин ишмердүүлүгүнө салыктык текшерүү жүргүзүлүүдө.

УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы сүт азыктарын өндүрүүчү ири ишкерлердин ишмердигин текшерүү, бул мыйзамсыз ишке катышы бар башка адамдарды аныктоо чараларын жүргүзүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM