Биз менен байланышыңыз

Абактагы энелерди балдарынан ажыратууга тыюу салынабы?

Коом | 11 мая 2023 | 365 | 0

Акыйкатчы институту айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, анын ичинде абактагы аялдардан баласын убактылуу алып коюуга жол берген укуктук ченемдерди алып салууну, түрмөдө жаткан кош бойлуу жана балалуу аялдардын материалдык-тиричилик шарттарын жакшыртуу үчүн укуктук кепилдиктерин бекемдөөнү сунуштады. 

Айрым укук коргоочулар ар бир наристе эненин жанында болушу керек деп эсептесе, кээ бири камактагы шарттар буга жол бербей турганын айтышууда.

Акыйкатчы институтунун эксперттери «Эркектер жана аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө», «Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө» жана «Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушташууда.

Укук коргоочулар убактылуу кармоочу жайларда аялдардын укуктары да бузулуп жатканын белгилешет. Айыпталуучу менен бир жыныстагы өкүлдүн жеке тинтүүсүн жүргүзүү жөнүндө мыйзамдык ченемдин болушуна карабастан, иш жүзүндө бул ченем дайыма эле сакталбай турганы белгиленди. Мындан сырткары гигиена каражаттарына, медициналык кызматтарды алууга мүмкүнчүлүк жокко эсе деп айтылды.

Демилгечилер шектүүлөр басмырлоого жана туура эмес мамилеге туш болбошу үчүн аялдарды убактылуу кармоочу жайга жана тергөө абагына жумушка тартуу менен штатты кеңейтүү керек деп эсептешет.

Укук коргоочу Эржан Кайыпов аталган демилгени колдойт. Анын пикиринде, ар бир төрөлгөн наристе өз энесинин жанында чоңойгонго укуктуу жана кайсы жакта болбосун, аялдарды энелик укуктан ажыратууга жол бербөө керек.

«Жабык мекемеде, түрмөдө жаңы эле төрөгөн аялдар ымыркайдын энеси катары аялуу абалда калышат. Алардын кылган кылмышы жана эркиндигинин чектелиши энелик укуктарынан ажыратпашы керек. Ошондуктан жалпысынан демилге туура, мында мамлекет жана парламент ушундай өзгөртүүлөрдү эненин жана баланын кызыкчылыгын ойлоп кабыл алышы шарт».

Кыйноолорго каршы күрөшүү улуттук борборунун 2022-жылдагы баяндамасына ылайык, Кыргызстан БУУнун Адам укуктарын коргоо комитетинин сунуштарын аткарбаганы, убактылуу кармоочу жайлардагы, тергөө абактарындагы кыйноолор, физикалык же психологиялык зомбулук курч көйгөй бойдон калып жатканы белгиленген.

2019-2021-жылдар аралыгында Кыргызстандын тергөө абактарында жана түзөтүү мекемелеринде он адам өз жанын кыйган, анын ичинде бир өспүрүм да бар.

Дагы бир укук коргоочу Назгүл Турдубекова ар бир ымыркай энесинин жанында болууга укуктуу экенин, бирок абактагы аялдын шартын жана мүмкүнчүлүгүн эске алганда, наристенин кызыкчылыгы биринчи орунга коюлуп, аны жакын туугандардыкына же балдар үйүнө берүү туура болорун белгилейт.

«Эгер аял кандайдыр бир себептер менен камалып кетсе, ымыркайдын кызыкчылыгы биринчи орунга коюлуп, абактагы шарттар баланын ден соолугуна зыян, коркунуч алып келе турганын эске алып, баланы эненин туугандарына, күйөөсүнө берүү туура болот. Бул — албетте, жакшы көрүнүш эмес. Абактарда шарт начар болгону үчүн гана биз балдарды энелеринен ажыратып жатабыз. Ал жер баланын ден соолугуна зыян алып келет».

Укук коргоочулар абактагы аялдарды балдарынан ажыратпашы үчүн түрмөлөрдүн шарттарын оңдоо зарыл деп эсептешет. Колонияны ымыркайларды кароого, багып чоңойтууга мүмкүн болгон эл аралык стандарттарга ылайыкташтыруу керек.

Кыргызстандын түрмөлөрүндөгү абал эл аралык да, мамлекеттик да стандартка туура келбеси Бириккен Улуттар Уюмунун Кыйноого каршы комитетинде да белгиленген.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 11 түзөтүү мекемеси, алты тергөө изолятору, бир түрмө, 13 түзөтүү абагы, 50 аймактык жаза аткаруу инспекциясы бар.

Copyright © 2017 Maral FM