Биз менен байланышыңыз

Чет өлкөлөргө жумушка жөнөткөн компанияларга көзөмөлдү күчөтүү сунушталды

Коом | 10 мая 2023 | 473 | 0

Кыргызстанда жарандарды чет өлкөлөргө жумушка жөнөтүү менен алектенген жеке агенттиктердин ишин жөнгө салуучу Жобону жаңыртуу сунушталууда. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Ага кошумча сунуш-пикирлер 10-июнга чейин кабыл алынат.

Былтыр 10 миңден ашуун кыргызстандык чет өлкөгө иштөө үчүн кеткен. Агенттиктер аркылуу жумушка баргандар көбүнчө тейлөө тармагына орношот.

Акыркы кезде уруксат кагазы жок иштеген, жарандарды алдоо жолу менен акча тапкан компаниялар көбөйүүдө. Буга чара көрүү үчүн жеке агенттиктерди көзөмөлдөө сунушталды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин миграция маселелери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Жыпара Мамбетова долбоор жарандарга коопсуз миграция шарттарын түзүү жана мыйзамсыз иш жүргүзгөн компанияларга бөгөт коюу максатында жазылганын маалымдады.

«Мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга 10-июнга чейин чыгардык. Себеби баарына белгилүү болгондой, акыркы учурда тышкы эмгек рыногун диверсификациялоо боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. Министрлик Германия, Улуу Британия, Японияга жумушка жөнөтөт, бирок ошол эле маалда бизден лицензия албай, мыйзамсыз иштеген компаниялар да болуп жатат. Алар жарандарды алдап акчасын алып, кээде жумушка орноштурбай коюп жатышат. Ушундай көрүнүштөр айрыкча «Инстаграм» социалдык тармагында көбөйүп кетти».

Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, жумуш таап берүүчү агенттиктердин мамлекеттен уруксат алуусу, иштөө мөөнөтүн узартуусу, алардын ишмердигин токтотуу боюнча жол-жоболор такталат. Мындан тышкары агенттиктин жумушка орноштура турган адамдар менен түзгөн келишимдери, алар кандай аткарылып жатканы тууралуу маалыматтары ачык болушу үчүн атайын система түзүлөт.

Лицензия берүү менен бүгүнкү күндө министрликтин Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору алектенет. Анын директору Алмаз Алыбаев билдиргендей, Кыргызстанда мындай агенттиктердин саны 160тын тегерегинде, алар аркылуу 20 чакты өлкөгө барып иштөө мүмкүнчүлүгү бар. Уруксатсыз иштеп жаткан агенттиктер боюнча былтыр милицияга 35, быйыл алгачкы үч айда 28 материал жөнөтүлгөн.

«Азыркы мезгилде мыйзамсыз иш алып барып жаткан компанияларга кылмыш иши козголуп, ошондой эле административдик жоокерчиликке тартылышы мүмкүн. Бул боюнча ИИМ иш алып барат. Былтыр жеке агенттиктердин жардамы менен 10 миңден ашуун жаран чет өлкөгө иштегени кеткен».

Кыргызстандыктарды чет өлкөлөргө жумушка орноштурган компаниялардын биринин жетекчиси Сүймөнкул Идирисов бул мыйзам керек деп эсептейт. Себеби мыйзамсыз иштерди жасаган компаниялар мыйзамдуу иштеген агенттиктерге көө жаап жатканын айтат.

«Мен бул мыйзам долбоорун колдойм. Мындай мыйзам буга чейин да болгон, бирок чийки эле. Тилекке каршы, Украина менен Орусиядан келгендердин, кыргыздардын арасында да «эки кишинин башын бириктире коюп», эч кандай документи, лицензиясы жок, уруксатсыз иштеген учурлары көбөйүүдө. Алар таза, уруксаты менен иштеген агенттиктердин бетине көө жаап жатат. Ошондуктан буга катуу көзөмөл керек деп ойлойм. Ар бир кетип жаткан жаран да, аны жөнөтүп жаткан компания да мамлекеттин тыкыр көзөмөлүндө болушу зарыл».

Эл аралык валюта фондунун маалыматына караганда, Кыргызстанда соңку үч жылдан бери жумушсуздук деңгээли 9% болууда.

Сырт жакка көбүнчө жаштар жумуш издеп кетишет. Былтыр чет жактан иштөөгө 10 миңден ашуун кыргызстандык кеткен. Агенттиктер аркылуу чет өлкөгө жумушка кеткендер көп учурда тейлөө тармагында, мейманканада иштешет.

Кыргызстандыктар иштөөгө көп кеткен мамлекеттердин тизмесинде мурдагыдай эле Орусия биринчи орунда турат.

Copyright © 2017 Maral FM