Биз менен байланышыңыз

Быйыл да «Акыркы коңгуроого» акча чогултууга тыюу салынды

Кыска кабар | 10 мая 2023 | 1549 | 1

Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдарында 25-майда саат 9:00дө «Акыркы коңгуроо» салтанаты өтөт. Билим берүү жана илим министринин 2022-2023-окуу жылын жыйынтыктоо жана салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү убагында бүтүрүүчүлөрдүн өмүрүнүн коопсуздугун сактоо максатында буйругу чыкты.

Салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүдө акча чогултууларга, ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн жана алардын ата-энелеринин катышуусунда «Акыркы коңгуроо» салтанатынан башка иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат.

Бишкек, Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери күзөт уюштурат. Мектептен тышкары жактарда өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чараларда окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугуна ата-энелер жооптуу болот.

Буйрукту аткарбаган билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кызмат орундарынан бошотууга чейинки тартиптик чаралар көрүлөт.

1 пикир

1 пикир

  1. Капар

    11.05.2023 08:27

    Уже чогулдуп коюшту,эч ким ге айтпагыла деп,инициативаны ата энелерге жуктоп,бирдеме болсо силер жооп бересинер деп,жыл сайын жон эле приказ минобраз чыгарат,чогултмай жок деп,директор озу билет,министр ждет чотур с каждой школы

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM