Биз менен байланышыңыз

10-май — улуттук валюта кабыл алынган күн

Кыска кабар | 10 мая 2023 | 323 | 0

Бүгүн, 10-май — Банк кызматкерлеринин жана улуттук валютанын кабыл алынган күнү. Сомдун жүгүртүүгө чыкканына быйыл 30 жыл толду. Ал алгач 1993-жылдын 10-майында колдонула баштаган.

Кыргыз сому менен СССР рублинин катар колдонулушуна беш гана күн уруксат берилген. 1993-жылдын 14-майынан тарта сом Кыргыз Республикасынын жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты катары киргизилген.

Улуттук банктын маалымдашынча, сомдун кабыл алынышы өлкөнүн көз карандысыз экономикалык саясатын аныктоого негиз болгон.

Copyright © 2017 Maral FM