Биз менен байланышыңыз

Москвада Жапаров менен Путиндин жолугушуусу өттү

Кыска кабар | 8 мая 2023 | 196 | 0

Бүгүн, 8-майда Президент Садыр Жапаров  Москвага жасаган расмий сапарынын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Анда кыргыз-орус эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, биргелешкен күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Орусиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровдун расмий сапары Жеңиш майрамынын алдында өтүп жатканы өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Ал ошондой эле өлкөлөр ортосундагы кызматташтык азыр өсүү жолунда экенин, буга акыркы бир жылда товар жүгүртүүнүн 37 пайызга өсүүсү далил экенин белгиледи.

Ошону менен бирге, Владимир Путин Орусия Кыргызстан үчүн түз капитал салуу боюнча эң ири инвестор экенине токтолуп, бул тенденция күч ала тургандыгына ишеним билдирди.

Президент Садыр Жапаров бүгүн эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулоого жана эки мамлекеттин кызыкчылыгында кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштыгын мындан ары өнүктүрүү боюнча кеңири пикир алмашуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк экенин баса белгиледи.

Өлкө лидерлери өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө биргелешкен диалогду улантууну макулдашышты.

Copyright © 2017 Maral FM