Биз менен байланышыңыз

Токмок лицейинин окуучусу эл аралык олимпиадада коло медаль утту

Кыска кабар | 7 мая 2023 | 389 | 0

Кыргызстандык окуучу эл аралык олимпиадада коло медаль утту. Бул тууралу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ж.Баласагын атындагы Токмок лицейинин 11-классынын окуучусу Иван Решетников 57-эл аралык Менделеев химия олимпиадасында коло медаль тагынды.

Менделеев химия олимпиадасы быйыл 30-апрель 7-май күндөрү Казакстандын Астана шаарында өттү. Ага Кыргызстандан алты окуучу катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM