Биз менен байланышыңыз

11-13-майда режиссёр кыз-келиндердин форуму Ошто өтөт

Кыска кабар | 7 мая 2023 | 109 | 0

Кыргызстандагы режиссёр кыз-келиндердин V кинофоруму Ош шаарында 11-13-май күндөрү өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Быйылкы кинофорум советтик кыргыз режиссёр айымы Лиля Турусбекованын 90 жылдыгына арналат.

Форумга катышуу үчүн Кыргызстандан, Казакстандан жана Өзбекстандан 50гө жакын кыска метраждуу көркөм жана даректүү тасма түштү. Фильмдерди тандап алуу үчүн атайын комиссия түзүлүп, анын курамына кино искусствонун ишмерлери, режиссёрлор, операторлор жана монтажёрлер кирди. Кинофорумдун программасына 14 тасма тандалып алынды, анын ичинен 11 тасма Кыргызстандан, экөө Казакстандан жана 1 тасма Өзбекстандан.

Иш-чарада Түштүк Корея, Түркия жана Казакстандан келген кесипкөй киночулар тарабынан мастер-класстар жана семинарлар берилип, тегерек столдор-талкуулар уюштурулат.

Кинофорумдун аягында режиссёр Жаңыл Жусупжандын «Үркөр, үркөр, үч жылдыз, үркүп кайда барасың?» аттуу даректүү тасмасынын бетачары болот. Даректүү тасма Кыргызстан менен Франциянын орток өндүрүшүнүн негизинде тартылган.

«Азия чыгармачыл айымдарынын» коомдук фонду жыл сайын режиссёр кыз-келиндердин кинофорумун өткөрүп келет. V кинофорум Швейцария өкмөтүнүн, Кинематография департаментинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM