Биз менен байланышыңыз

Активист Эрлан Бекчоро уулу камакта калтырылды

Кыска кабар | 2 мая 2023 | 323 | 0

Бүгүн, 2-майда Бишкек шаардык соту массалык башаламандык уюштурууга шектелип, кармалган жарандык активист Эрлан Бекчоро уулу жана саясатчы Бектур Асановдун баш коргоо чарасын карады.

Соттун чечими менен алар 20-июнга чейин камакта калтырылды.

Бүгүн мындан тышкары, ушул эле иш боюнча абакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков жана укук коргоочу Рита Карасартованын баш коргоо чарасы каралат.

Саясатчы, активист жана блогерлер былтыр 23-октябрда массалык башаламандык уюштурууга айыпталып, кармалган. Аларга ички иштер министрлиги «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып койгон.

Copyright © 2017 Maral FM