Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Кыргызстан аркылуу маңзат ташыгандар аныкталды

Кыска кабар | 27 Мар 2023 | 352 | 0

Кыргызстан аркылуу баңгизаттын ири партияларын ташууга адистешкен эл аралык топтун ишине бөгөт коюлду. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, атайын операция ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, Кыргызстан менен Казакстандын УКМКларынын ыкчам кызматкерлеринин биргелешкен этаптуу аракеттеринин натыйжасында ишке ашты.

Жыйынтыгында 100 кг ашык героин баңгизатын ташыган жана сактаган баңги каналынын уюштуруучусу 1986-жылы туулган Тажикстандын жараны К.О.А. Казакстандын Алматы шаарынын аймагынан кармалды. Ал маңзатты Кыргызстандын аймагынан ташып жүргөн.

Маалыматка караганда, баңгизаттын болжолдуу баасы 1 миллион 190 миң АКШ долларын түзөт.

Учурда баңги тобунун башка катышуучуларын аныктоого багытталган иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM