Биз менен байланышыңыз

UFC: Валентина Шевченко чемпиондук титулун коргой алган жок

Кыска кабар , Спорт | 5 Мар 2023 | 1166 | 0

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко мексикалык Алекса Грассого чемпиондук курун уттуруп жиберди.

Эки мушкер бүгүн Лас-Вегаста UFC 285 мелдешинин алкагында октаганго чыгышты. Беттештин төртүнчү бөлүгү чечүүчү болуп, мексикалык мушкер Шевченконун далысын өтүп, муунтуу ыкмасы менен атаандашын утуп алды.

Валентина Шевченко сегизинчи ирет чемпиондук курун коргоо үчүн беттешке чыккан.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 12-июнунда Валентина Шевченко Сингапурдагы UFC 275 турниринде бразилиялык Тайла Сантосту жеңип, жетинчи ирет чемпиондук курун коргоп калган.

Copyright © 2017 Maral FM