Бүгүн, 24-февралда саат 07:30да Каракол – Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан кабарлашты.
Көчкүнүн узундугу 150 метр, бийиктиги 4 метрди түзөт. Жол убактылуу жабык, тазалоо иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Жеринде №11 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштөөдө.