Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык куткаруучулар Түркияда 7 жашар баланы куткарды (видео)

Кыска кабар | 12 Фев 2023 | 821 | 0

12-февралга караган түнү саат 02:30 чамасында кыргызстандык куткаруучулар тарабынан Түркиянын Кахраманмараш шаарындагы куткаруу иштери учурунда 2016-жылы төрөлгөн бала аман-эсен табылды. Ал эми анын жанында болгон апасы жана агасы каза болуп калган. Алардын сөөгү чыгарылып туугандарына берилди.

Кахраманмараш шаарындагы «Баалыжан» районунда 11-февралда кечки саат 19:20 чамасында 22 жаштагы кош бойлуу келин да  кыргызстандык куткаруучулар тарабынан куткарылды.

Учурда Кыргызстандан 67 куткаруучу Түркиянын жер титирөөдөн катуу жабыркаган Кахраманмараш шаарында куткаруу иштерин жүргүзүшүүдө.

6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Copyright © 2017 Maral FM