12-февралга караган түнү саат 02:30 чамасында кыргызстандык куткаруучулар тарабынан Түркиянын Кахраманмараш шаарындагы куткаруу иштери учурунда 2016-жылы төрөлгөн бала аман-эсен табылды. Ал эми анын жанында болгон апасы жана агасы каза болуп калган. Алардын сөөгү чыгарылып туугандарына берилди.
Кахраманмараш шаарындагы «Баалыжан» районунда 11-февралда кечки саат 19:20 чамасында 22 жаштагы кош бойлуу келин да кыргызстандык куткаруучулар тарабынан куткарылды.
Учурда Кыргызстандан 67 куткаруучу Түркиянын жер титирөөдөн катуу жабыркаган Кахраманмараш шаарында куткаруу иштерин жүргүзүшүүдө.
6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.