Биз менен байланышыңыз

Китеп окуу эс тутумду бекемдеп, альцгеймерге чалдыгуудан сактайт

Блог | 26 Янв 2023 | 949 | 6

Медицина илиминде деменция же альцгеймер деп аталган унутчаактык, эс тутумдун начарлашы көбүнчө улгайган куракта күчөй баштайт. Албетте, мунун алдын алууга азырынча медицинанын күчү алсыз, буга каршы таасирдүү дары-дармек чыга элек. Анткен менен эс тутумду бир калыпта сактоо үчүн, эрте айнып калуудан сактануу үчүн окумуштуулар бир катар ыкмаларды сунушташат. Алардын бири – китеп окуу.

Альцгеймер оорусу менен кимдер ооруйт?

Альцгеймер оорусунун негизги белгилери: адамдын эс тутумунун бузулушу, жүрүм-турумунун өзгөрүшү жана ой жүгүртүүсүнүн начарлашы. Бул ооруга көбүнчө улгайгандар, кант диабети менен ооругандар, инсульт алгандар чалдыгат. Дагы бир белгиси тукум куучулук болушу ыктымал. Бирок дарыгерлер оорунун кантип, кандайча пайда болгонун, кайсы факторлор таасир этерин так айта алышпайт.

Окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча, 65 жаштан ашкан адамдардын болжол менен 10%ы жана 75 жаштан жогорку адамдардын 20%ы деменция, кыргызча айтканда, айнып калууга чалдыгат. Бул оорудан дүйнө жүзү боюнча 50 миллиондон ашык адам жабыркайт. Окумуштуулардын божомолунда 2050-жылга чейин альцгеймерге чалдыккандардын саны үч эсеге көбөйүшү мүмкүн.

Китеп окуу, билим алуу эс тутумду бекемдейт 

Неврологдордун айтымында, китепти үзгүлтүксүз окуган адамдын эс тутуму бекем болуп, айнып калуу коркунучу аз. Китеп окуу эс тутумга оң таасир этип, мээнин иштешин тездетет.

Иллинойс университетинин алдындагы Бекман атындагы алдынкы илим жана технология институтунун окумуштуулары атайын сыноо жүргүзүп көрүшкөн. Ага 60 жаштан 79 жашка чейинки 76 адам катышкан. Алар сегиз жумалык изилдөөнүн жүрүшүндө аптасына беш күндөн, күнүнө 90 мүнөттөн китеп окушкан. Анын натыйжасында китеп окуу адамдын эс тутумун жакшыртары аныкталган.

Китеп окуу акыл-эске зор пайдасын берип, нейрондордун иштешин күчөтүп, нерв системасын жакшыртат. Мындан тышкары адамга ырахат тартуулап, стресстен арылтып, ден соолукту чыңдоочу касиетке ээ.

Даярдаган: Аида Омурзакова

Китеп окуунун кесип тандоого кандай таасири бар?

6 пикир

6 пикир

  1. Тазагул

    26.01.2023 17:15

    Азаматсын Аида. Туура айтасын.

    • Аида Омурзакова

      26.01.2023 23:34

      Рахмат!🤗
      Дагы да кызыктуу маалыматтар чыгат,буюрса. Калтырбай окуп, өз пикириңизди калтырыңыз!

    • Мадина

      18.03.2023 21:31

      Мен мадина кесип тандоого кандай тасирин тийгизет коп окусак коп нерсени билесин китепти коп окусан оной болот

  2. Нурс

    26.01.2023 23:18

    Сонун маалымат экен, молодец!

  3. Айбек

    26.01.2023 23:45

    китеп окуган адам деле алжып, көп суйлөп калат да

  4. Айпери

    26.01.2023 23:46

    керектүү маалымат экен

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM