Биз менен байланышыңыз

Айзанын өлүмү: Сот айыпталуучуну камакка албаганынын себебин түшүндүрдү

Коом | 18 Янв 2023 | 753 | 0

Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы 24 жаштагы Айза Улан кызын өлтүрө сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочунун үй камагына чыгарылышы боюнча маалымат жыйын куруп, түшүндүрмө берди. Ал жактоочу тараптан шектүүнүн оорулуу болгону жөнүндө медициналык документтер көрсөтүлгөнүн, оор илдеттер айыпталуучуну камакка алууга тоскоол болгон себеп экенин айтты.

Маркумдун агасы шектүүгө операция жасалганын жана ал гемодиализге муктаж эмес экенин айтууда.

Жаш кыздын өлүмүнүн чоо-жайы, анын туугандарынын жүйөлөрү жана соттун чечими тууралуу кененирээк алдыда токтолобуз. 

Бишкекте 24 жаштагы кыздын өлүмү үчүн айыпталып жаткан айдоочу эмне себептен камактан бошотулганы тууралуу Свердлов райондук сотунун судьясы Айзада Исаева 18-январда маалымат берди.

Анын айтуусуна караганда, шектүүнү үй камагына чыгарууга мыйзамдуу негиз болгон жана аны камабоо тууралуу чечим анын ден соолугуна байланыштуу кабыл алынган.

«Жактоочу берген медициналык документтерге ылайык, айыпталуучу 2013-жылы ички иштер кызматкери катары медициналык талаптардын негизинде пенсияга чыккан. 2016-жылы бул адамга донордук бөйрөк коюлган, кийин да 2021-жылга чейин жогоруда аталган диагноз калган. Бул диагноз жоюлбайт экен. Андан тышкары МСЭК комиссиядан бул киши сырттан жардамга, кароого муктаж, өзүн-өзү карап, камсыздоого мүмкүнчүлүгү жок деген кагаз бар экен».

Шектүүнүн жактоочулары ал бешинчи стадиядагы бөйрөк оорусу менен ооруй турганы, өнөкөт оорусунан улам 2016-жылдан бери гемодиализ алып жүргөнү жөнүндө медициналык документтерди көрсөтүшкөн.

Ал эми маркум кыздын агасы Милан Мураталиевдин айтымында, шектүүгө операция жасалган жана азыркы тапта ал гемодиализге муктаж эмес. Бул иште күмөндүү жагдайлар көп экенин белгиледи.

Агасы туугандары жана маркумдун ата-энеси тиешелүү органдардын өкүлдөрүнөн ишти акыйкат карап берүүнү суранды.

«Бизге акыйкаттык керек. Бул кишиге операция жасалып, бөйрөгү алмаштырылыптыр. Демек, азыр гемодиализдин кереги жок. Сотко кандай маалымкаттарды бергени бизде көп суроолорду, күмөн ойлорду жаратып жатат. Акыркы медициналык маалымкаттар 2021-жылы берилгени айтылды. Бирок баарыбыз биздин өлкөдө оңой жол менен ал маалымкаттарды сатып алса болорун билебиз. Бизге бир гана акыйкаттык керек».

Судьянын түшүндүрмөсү боюнча, бөгөт чарасы тандалганда адамдын күнөөлүү же күнөөсүз экени каралбайт. Баш коргоо чарасы тергөө жүрүп жатканда колдонулган чара болуп саналат. Соттун өкүмү чыккан соң эгер шектүү күнөөлүү деп табылса, ал ден соолугуна карабастан сөзсүз түрдө жоопкерчиликке тартылат.

Сот айыпталуучуну үй камагына коё бергенин Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров парламенттин 18-январдагы жыйынында айтты. Ал Свердлов райондук сотунун мындай чечими туура эмес деп белгилеп, Жогорку Кеңештин төрагасын жана президенттин парламенттеги өкүлүн бул маселеге көңүл бурууга чакырды.

«Сүзүп кеткен киши окуя болгон жерден качып кетип, жашынып, үч күн дегенде милиция кызматкерлери араң таап алып келишсе, сот аны үй камагына чыгарып салыптыр. Менин оюмча, бул такыр туура эмес. Ошондуктан Алмазбек Акунжанович, Нурланбек Тургунбекович, жардам берип, буга реакция кылбасак болбойт. Карындашыбыз каза болуп, үй-бүлөсү ыйлап жатат. Тиги киши болсо үйдө отурат, эч нерсени сезген жок».

Жарандык активист Болот Ибрагимов да социалдык тармактагы баракчасына кайрылуу жүктөп, бул жол кырсыгынан кадимкидей жаран эмес, ар бир кыргызстандыктын карындашы каза болгонун айткан.

Буга байланыштуу шектүүгө карата мыйзам чегинде эң катаал чараларды көрүүнү суранып, ишти караган судьянын кесиптик жарактуулугун карап чыгууну өтүндү.

«Биз Жогорку Соттун төрагасынан бул ишти жеке көзөмөлүнө алуусун өтүнөбүз. Ошондой эле судьяларды тандоо кеңешине кайрылабыз, алар судья Исаеванын кесибине ылайыктуулугун карап чыгып, мыйзам чегинде, тактап айтканда, иштен бошотууга чейин жазалашсын».

Социалдык тармакта да адам өлүмүнө себеп болгон айдоочуга карата соттун «жумшак» чечими сынга алынып жатат.

Эскерте кетсек, 9-январда саат 07:10 чамасында белгисиз айдоочу Жибек Жолу көчөсү менен бара жатып, Республика көчөсүнүн кесилишинен 24 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жөө жүргүнчү Айза Улан кызы окуя болгон жерден көз жумган.

13-ноябрда жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен деп шектелип, «Тойота» унаасынын 48 жаштагы айдоочусу кармалганы кабарланган.

Айзанын өлүмү: Сүзүп кеткен айдоочунун үй камагына чыкканы нааразычылык жаратты

Copyright © 2017 Maral FM