Биз менен байланышыңыз

Айзанын өлүмү: Сүзүп кеткен айдоочунун үй камагына чыкканы нааразычылык жаратты

Коом | 17 Янв 2023 | 849 | 0

Бишкектин Свердлов райондук соту 24 жаштагы Айза Улан кызын коюп кетип, качып кеткен айдоочунун баш коргоо чарасын карады. Жыйынтыгында шектүү үй камагына чыгарылганы маалым болду. Мындай чечим маркумдун жакындарынын нааразычылыгын жаратты.

9-январда Ички иштер министрлигинин академиясынын курсанты Айза Улан кызы Бишкекте жол кырсыгынан каза болгон. Аны айдоочу унаа менен сүзүп кетип, окуя болгон жерден качып кеткен.  Бул иштин мындан аркы жагдайлары кандай болору туурасында алдыда кененирээк токтолобуз. 

Бишкекте 24 жаштагы кыздын өлүмү үчүн айыпталып жаткан айдоочу эмне себептен камактан бошотулганы тууралуу Шаардык сотунун басма сөз катчысы Айсулуу Жаасынова маалымат берди.

Анын айтуусуна караганда, шектүүнүн жактоочулары ал бешинчи стадиядагы бөйрөк оорусу менен ооруй турганы, өнөкөт оорусунан улам 2016-жылдан бери гемодиализ алып жүргөнү жөнүндө медициналык документтерди көрсөтүшкөн.

“Бул оорулар шектүүнү же айыпталуучуну камакта кармоого жол берилбей турган оор илдеттердин өкмөттүн 2018-жылдын 20-июнундагы токтому менен бекитилген тизмесине кирет. Ушул себептердин негизинде Свердлов райондук сот баш коргоо чарасы катары үй камагын тандаган”.

Ал эми маркум Айза Улан кызынын жакындарынын адвокаты Аскат Жакупбеков айыпталуучу көрсөткөн медициналык маалымкаттардын жарактуулугу текшериле турганын билдирди.

Мындан сырткары тергөө жүрүп жаткан учурда гана айыпталуучу үй камагында болорун, тергөө амалдары бүткөн соң, чечим чыккандан кийин ал киши сөзсүз түрдө жазага тартыла турганын түшүндүрдү.

“Баш коргоо чарасы – жаза эмес. Бул жөн гана тергөө учурунда шектүү кайсы жакта болору, үй камагындабы, камактабы же эч жака кетпөө тилкаты менен бошотулабы ошол нерсени гана түшүндүрөт. А чечим чыккандан кийин албетте ал жоопкерчиликке тартылып камакка алынат”.

Айыпталуучуну сот үй камагына кое бергенин Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев парламенттин 17-январдагы жыйынында айтып чыкты. Ал Свердлов райондук сотунун мындай чечимине Жогорку Соттун жетекчилиги көңүл бурушу керектигин белгиледи.

“24 жаштагы Айза Улан кызыны автоунаа сүзүп кетип каза болду. Аны сүзгөн киши окуя болгон жерден качып кеткен үч күн болду дегенде милиция кызматкерлери таап камака алышты. Бирок бир күн болбой Свердлов райондук соту аны кайра бошотуп койду. Интернетте азыр бүт ушул окуяга болгон нааразычылыктар. 24 жаштагы чарыктай болгон кыз экен. Италияда, Америкада окуптур. Англисче суудай сүйлөгөн, ИИМдин академиясында окуган кыз болгон экен. Ата-энеси азыр арызданып жатат ушул боюнча. Өзүңүздүн жеке көзөмөлүңүзгө алып коюңузчу, өтүңүч”.

Социалдык тармакта да бир адамдын өлүмүнө себеп болгон айдоочуга карата соттун “жумшак” чечими сынга алынып жатат.

Окуя 9-январда таңкы саат 07:10 чамасында Жибек-Жолу көчөсү менен Республика көчөсүнүн кесилишинде болгон. “Тойота” үлгүсүндөгү автоунааны 1974-жылы туулган жаран башкарып жүргөн.

Copyright © 2017 Maral FM