Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы 24 жаштагы Айза Улан кызын өлтүрө сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочунун үй камагына чыгарылышы боюнча маалымат жыйын куруп, түшүндүрмө берди. Ал жактоочу тараптан шектүүнүн оорулуу болгону жөнүндө медициналык документтер көрсөтүлгөнүн, оор илдеттер айыпталуучуну камакка алууга тоскоол болгон себеп экенин айтты.
Маркумдун агасы шектүүгө операция жасалганын жана ал гемодиализге муктаж эмес экенин айтууда.
Жаш кыздын өлүмүнүн чоо-жайы, анын туугандарынын жүйөлөрү жана соттун чечими тууралуу кененирээк алдыда токтолобуз.
Бишкекте 24 жаштагы кыздын өлүмү үчүн айыпталып жаткан айдоочу эмне себептен камактан бошотулганы тууралуу Свердлов райондук сотунун судьясы Айзада Исаева 18-январда маалымат берди.
Анын айтуусуна караганда, шектүүнү үй камагына чыгарууга мыйзамдуу негиз болгон жана аны камабоо тууралуу чечим анын ден соолугуна байланыштуу кабыл алынган.
Шектүүнүн жактоочулары ал бешинчи стадиядагы бөйрөк оорусу менен ооруй турганы, өнөкөт оорусунан улам 2016-жылдан бери гемодиализ алып жүргөнү жөнүндө медициналык документтерди көрсөтүшкөн.
Ал эми маркум кыздын агасы Милан Мураталиевдин айтымында, шектүүгө операция жасалган жана азыркы тапта ал гемодиализге муктаж эмес. Бул иште күмөндүү жагдайлар көп экенин белгиледи.
Агасы туугандары жана маркумдун ата-энеси тиешелүү органдардын өкүлдөрүнөн ишти акыйкат карап берүүнү суранды.
Судьянын түшүндүрмөсү боюнча, бөгөт чарасы тандалганда адамдын күнөөлүү же күнөөсүз экени каралбайт. Баш коргоо чарасы тергөө жүрүп жатканда колдонулган чара болуп саналат. Соттун өкүмү чыккан соң эгер шектүү күнөөлүү деп табылса, ал ден соолугуна карабастан сөзсүз түрдө жоопкерчиликке тартылат.
Сот айыпталуучуну үй камагына коё бергенин Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров парламенттин 18-январдагы жыйынында айтты. Ал Свердлов райондук сотунун мындай чечими туура эмес деп белгилеп, Жогорку Кеңештин төрагасын жана президенттин парламенттеги өкүлүн бул маселеге көңүл бурууга чакырды.
Жарандык активист Болот Ибрагимов да социалдык тармактагы баракчасына кайрылуу жүктөп, бул жол кырсыгынан кадимкидей жаран эмес, ар бир кыргызстандыктын карындашы каза болгонун айткан.
Буга байланыштуу шектүүгө карата мыйзам чегинде эң катаал чараларды көрүүнү суранып, ишти караган судьянын кесиптик жарактуулугун карап чыгууну өтүндү.
Социалдык тармакта да адам өлүмүнө себеп болгон айдоочуга карата соттун «жумшак» чечими сынга алынып жатат.
Эскерте кетсек, 9-январда саат 07:10 чамасында белгисиз айдоочу Жибек Жолу көчөсү менен бара жатып, Республика көчөсүнүн кесилишинен 24 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жөө жүргүнчү Айза Улан кызы окуя болгон жерден көз жумган.
13-ноябрда жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен деп шектелип, «Тойота» унаасынын 48 жаштагы айдоочусу кармалганы кабарланган.
Айзанын өлүмү: Сүзүп кеткен айдоочунун үй камагына чыкканы нааразычылык жаратты