Биз менен байланышыңыз

Ажылыкка даярдык көрүү маселеси талкууланды

Без рубрики | 12 Янв 2023 | 274 | 0

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиев Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министринин орун басары Абдель Фаттах бин Сулейман менен жолугушту. Анда 2023-жылдагы ажылык сапары боюнча сүйлөшүү болуп, даярдыктарды баштоо керектиги айтылды.

Быйыл Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык жана умра министрлигинин электрондук порталы 15-20 күндөн тарта өз ишин баштайт. Портал иштегенден тарта Кыргызстан да бардык келишимдерди базага жүктөп, ажылыктын алгачкы иштерин баштайт.

Муфтият ажылык кылуу иштери пандемияга чейинки калыбына түшкөнү, бирок эгер COVID-19 сыяктуу жугуштуу оорулар катталып калса, Сауд Арабия тарабынан чектөөлөр кирип калуусу мүмкүн экендигин билдирди.

Сауд Арабиянын ажылык министрлиги бул жылы Кыргызстанга 6000 квота бөлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM