Биз менен байланышыңыз

Быйыл «Кумтөрдөн» бюджетке канча акча түшкөнү айтылды

Кыска кабар | 30 Дек 2022 | 562 | 0

Быйыл он бир айда «Кумтөр» алтын кенинен мамлекеттик бюджетке 27 миллиард 772 миллион 173 миң сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты.

Анын ичинен 9 миллиард 423 миллион 124,8 миң сом Кумтөрдүн дүң кирешесине салык түрүндө жана 18 миллиард 349 миллион 49,2 миң сому республиканын минералдык-сырьелук базасын өнүктүрүүгө төлөм түрүндө түшкөн.

Алтын өндүрүүчү компания ноябрь айында дүң кирешеден 712 миллион 863,3 миң сом салыкты казынага которгон. Ноябрда сырьелук базаны өнүктүрүү үчүн акы төлөөдөн түшүүлөр болгон эмес.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өткөн жылдын эң маанилүү жетишкендиги катары Кумтөр кенинин Кыргызстанга кайтарылышы саналарын айткан.

Анын маалыматы боюнча, 2010-2021-жылдары өлкөгө төлөнгөн дивиденддердин жалпы суммасы 5,3 млрд сомду түздү.

2022-жылы 10 айда эле «Кумтөр» кенинен 26,5 млрд сом чогултулган.

2018-жылы тоо-кен тармагынан – 11 млрд сом, 2019-жылы – 13 млрд сом, үстүбүздөгү жылы 48 млрд сом каражат түшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM