Биз менен байланышыңыз

Чек арада курман болгон Дастан Анарбековдун сөөгү «Ата-Бейитке» коюлду (сүрөт)

Кыска кабар | 29 Дек 2022 | 931 | 0

Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуяда каза болгон Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскер лейтенанты Дастан Анарбековдун сөөгү «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине коюлду.

Митинг-реквиемге президент Садыр Жапаров да катышып, мекен үчүн баатырларча курман болгон Дастан Анарбековдун үй-бүлөсүнө, ата-энесине жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

«Тилекке каршы, жакында эле коңшу өлкө Кыргызстандын жерине басып кирди. Бирок Дастандай болгон мекени үчүн тоо болуп туруп берген жоо жүрөк кыргыз жигиттеринин татыктуу каршылыгы алардын мизин кайтарды. Туулган жердин ар бир карышын коргогон баатыр уулдарды жарык дүйнөгө алып келген энелерге, аларды өстүргөн аталарга башымды ийип таазим кылам. Дастан Анарбеков сыяктуу жоокерлердин эрдиги эч качан унутулбайт, алардын жаркын элеси бүткүл кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат» , — деди президент.

Ардактуу кароолдун ротасы Дастан Анарбековдун сөөгүн буга чейин комплекске коюлган, танк экипажынын үч мүчөсү, УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери Шерали Анаркулов, Санжарбек Анаркулов жана Жаныбай уулу Тилектин жайынын жанына жерге беришти.

«Достук» чек ара тозотунун башчысынын орун басары, 21 жаштагы Дастан Анарбеков Талас облусунда туулган. Ал 2022-жылдын 16-сентябрында Баткендин Достук айылын коргоодо мектептин аймагында каза болгон. Чек арачынын сөөгү көпкө чейин белгисиз бойдон калып, бир катар экспертизалардан кийин гана анын өздүгү такталган.

Copyright © 2017 Maral FM