Биз менен байланышыңыз

Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюму Акжол менен Жоламанды «Тарых жаратуучулар» деп тапты

Кыска кабар , Спорт | 23 Дек 2022 | 956 | 0

Бириккен күрөш дүйнөсү кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудовду 2022-жылдын «Тарых жаратуучусу» деп аныктады.

Акжол Махмудов Сербияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта финалда венгриялык Золтан Леваи менен күрөшүп атаандашын 8:0 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиону болгон.

Ал эми, Жоламан Шаршенбеков аталган мелдеште, финалда болгариялык Эдмонд Назарянды 11:2 эсебинде жеңип, грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болгон.

Бириккен күрөш уюмунун маалыматына караганда, бул наамга кыргызстандык эки спортчудан сырткары 2022-жылы эркин күрөш боюнча 57 салмакта дүйнө чемпиону болгон албаниялык Зелимхан Абакаров жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 50 кг салмакта дүйнөнүн үч жолку чемпиону болгон жапониялык Юи Сусаки ээ болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM