Биз менен байланышыңыз

Акжол менен Жоламан «Тарых жаратуучу» наамына көрсөтүлдү (видео)

Кыска кабар , Спорт | 22 Дек 2022 | 808 | 0

Кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) 2022-жылдын “Тарых жаратуучу” наамына көрсөтүлдү. Бул тууралуу аталган уюмдун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Бул наамга кыргызстандык балбандардан тышкары, 2022-жылы эркин күрөш боюнча 57 салмакта дүйнө чемпиону болгон россиялык-албаниялык Зелимхан Абакаров жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 50 кг салмакта дүйнөнүн үч жолку чемпиону болгон япониялык Юи Сусаки көрсөтүлүүдө. Жалпы төрт спортчу катышууда.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Сербияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта финалда венгриялык Золтан Леваи менен күрөшүп атаандашын 8:0 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиону болгон.

Бул Кыргызстандын тарыхындагы эркектер арасындагы грек-рим күрөшү боюнча алгачкы алтын медаль болду.

Ал эми, Жоламан Шаршенбеков аталган мелдеште 60 кг салмакта катышкан. Ал финалдык беттеште болгариялык Эдмонд Назарянды 11:2 эсебинде жеңип, грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болгон.

Буга чейин UWW уюмунун “Тарых жаратуучу” наамына 2019-жылы Айсулуу Тыныбекова ээ болгон. Тыныбекова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча 62 кг салмакта дүйнө чемпиону болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM