Биз менен байланышыңыз

Айылда мал уурулук көбөйдү. Жаза күчөтүлөбү?

Коом | 1 Дек 2022 | 820 | 0

Эл өкүлү Мейкинбек Абдалиев парламентте маселе көтөрүп, айылдарда мал уурдаган фактылары көбөйүп жатканын белгилеп, жазаны катаалдатууну сунуштады. Муну менен жергиликтүү тургундар да мал уурдагандарга карата көрүлгөн чаралар жетишсиз экенин айтышты. Ал эми Ички иштер министрлиги учурда жазаны күчөтүү үстүндө иштерди жүргүзүп жатат. Мал жандыктарын идентификациядан өткөрүү, тагыраагы аларга документ алуу уурулуктун алдын алууга канчалык жардам берет?

Өлкөдө мал уурдагандардын саны көбөйүүдө. Чүй облусунун тургуну Бакыт Такинов бир топ жылдан бери мал багуу менен алектенет. Анын айтымында, айылда буга чейин мал уурдалган учурлар аз болгон. Бирок акыркы убакта мындай учурлар көп каттала баштаганын айтты.

«Биз Чүй облусунун Москва районунда жашайбыз. Мал багып, сүтүн сатып тиричилик өткөрөбүз. Буга чейин анча-мынчада эле мал уурдоо болуп келген. Ушул бир ай мурун кошунамдын кою жоголгон болчу. Аябай издедик. Милицияга да кайрылдык. Табылган жок. Милициялар деле кош көңүл мамиле кылып, жакшы деле издешкен жок».

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев да бул маселени көтөргөн. Эл өкүлү мал уурдоо оор кылмыш катары каралбай калганын белгилеп, жазаны катаалдатуу үчүн мыйзамга өзгөртүүлөдү киргизүү керектигин сунуштады.

«Эмне үчүн мал уурулукту токтото албай жатасыңар? Акыркы убакта мал уурулук аябай күчөп кетти. Үйүнөн, короосунан уурдап чыгып кеткендер көп болуп жатат. Мал уурдагандарды эл өзү кармап милицияга алып келип жатат. Тергелип сотко өтүп жатат. Бирок соттон чыгып кетип жатышат. Буга азыркы мыйзам себеп болууда. Мурдагы мыйзамды кайра иштетиш керек».

Ички иштер министрлиги билдиргендей, эки күн мурун Баткен облусунун Кадамжай районунда мал уурдоого шектелип эки жаран кармалган.

Ушул жылдын сентябрь айынан тарта массалык түрдө мал уурулук катталып жаткандыгын билдиришип, жергиликтүү тургундар милицияга арыз менен кайрылышкан. Арыздар Кадамжай милициясы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө 10 баш бодо мал белгисиз жарандар тарабынан уурдалып, жабырлануучуларга олуттуу зыян келтирилгендиги аныкталган. Учурда кармалган эки жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев учурда министрлик тарабынан жазаны күчөтүү боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрү киргизүү үчүн сунуштамалар даярдалып жатканын билдирди.

Ошондой эле мал ууруларын кармоо менен алектенген милиция кызматкерлеринин санын көбөйтүү иштери жүрүп жатат.

«Биздин жарандардын көпчүлүгү айыл жергесинде жашайт. Баары мал менен тиричилик кылышат. Жергиликтүү бийлик менен мал уурдоонун алдын алуу максатында бир топ иштерди жүргүзүп жатабыз. Чиптерди коюу, номерин коюу иштерин кылабыз. Мыйзамдын негизинде сунуштарыбызды жазып алып келебиз. Азыркы учурда «Уурулук”»статьясы менен эле кетет. Жарандардын жардамы менен ууруларды кармап келип, жоопко тартып жаткан фактылар бар».

Мындан сырткары өлкөдө «Жандыктарды идентификациялоо жөнүндө» мыйзам 2013-жылы кабыл алынган. 2016-жылдын 18-ноябрында Ысык-Ата районунун Люксембург айылында биринчи жолу малды электрондук каттоо башталган.

Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматынын бөлүм башчысы Манас Майканов жандыктарды идентификациядан өткөрүү мал уурдоонун алдын алууга жардам берерин айтты.

Идентификациядан өткөн мал уурдалса, аны табуу оңой болот.

«Бизде Өкмөттүн мыйзамы жана токтому чыккан. Анын негизинде биз бардык жандыктарды идентификациядан өткөрөбүз. Бул чоң ролду ойнойт. Себеби малды жүктөп базарга алып барабы же башка жакка алып кетип жатканда ички бекеттерде текшерүүлөт болот. Ал жерде милиция кызматкерлери да турушат. Номурунан дароо эле кимдин малы экени билинет. Системадан кимдики экени көрүнөт. Башка бирөөнүкү болсо, тактаганга оңой. Бул дагы мал уурдоого чоң бөгөт болот».

Ички иштер министрлигинин маалыматы ылайык, 2020-жылы «мал уурдоо» фактысы менен 793 арыз түшүп, 550сүнүн бети ачылды.

Өлкө боюнча уурдалган малдан эл тарткан чыгым 46 миллион 744 миң сом деп эсептелген.

Курамына 112 киши кирген 51 уюшкан кылмыштуу топ аныкталган. Жалпысынан 1973 баш мал уурдалып, анын 1055и табылган.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM