Биз менен байланышыңыз

Менингит дартын жуктургандардын саны өстү

Ден соолук | 30 Ноя 2022 | 2016 | 0

Быйыл өлкөдө менингит оорусуна чалдыккандардын саны 3 эсе көбөйгөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Ушул жылдын 10 айында бул оорунун 43 учуру катталды. Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилинде 11 адамдан табылган. Менингит менен ооруган бейтаптардын көпчүлүгү Бишкек шаарында катталды. Бейтаптардын 44 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт. Эмне себептен менингит оорусун жуктургандар көбөйүп жатат? 

Быйыл өлкөдө менингит менен ооругандардын саны өсүүдө. Бейтаптардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында катталып, 28 адамды түздү. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин врачы Айнура Мамбетсариева менингитке  чалдыккандардын көбү борбордо катталганын ички миграция менен байланыштырды.

Чүй облусунда 7 адамдан табылса, Талас жана Нарын облусунда катталган жок. Баткен, Ош жана Жалал-Абад аймактарында да илдетти жуктургандар бар.

Бүгүнкү күндө бейтаптардын 44 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

«Быйылкы жылдын 10 айында менингит оорусунун 43 учуру катталды. Былтыр ушул убакта 11 учур катталган. Себеби Кыргызстанда ар бир 10, 15 жылда көрсөткүч жогорулап турат. Мындай көрсөткүч 2015-жылы байкалган. Ал эми бүгүнкү күндө ооругандардын 44 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт. Анын ичинде 5 жашка чейинки балдардан 19 учур катталды. Ал эми калгандары 15 жаштан жогору жаштагы адамдар. Алардын саны 15 учурду түздү».

Менингит – мээнин жумшак чел кабыгынын сезгенүүсү. Ооруну бактериялар жана вирустар пайда кылат. Илдет организмде өз алдынча же башка бир оорунун таасири астында пайда болушу ыктымал.

Адистер илдеттин белгилери билинген учурда дароо ооруканага кайрылбаса, адам 1-2 күндө каза болуп калышы мүмкүн экенин айтып келишет.

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын дарыгери Канат Искаковдун айтымында, менингит оорусунун түрлөрү көп. Ал бул оорунун адам өмүрү үчүн канчалык коопту экенин түшүндүрдү.

«Көбүнчө кичинекей балдарда бул илдет оор өтөт. Аягы өлүм менен аяктаган учурлар да жок эмес», — дейт дарыгер.

«Менингит оорусу бир канча топко бөлүнөт. Вирустук жана бактериялык менингит боолуп. Убагында көрүнүп, жакшы дарыланса, бейтап сакаят. Эгер кеч келип, өрчүшүп кетсе, туура эмес дарыланган учурда адам инвалид да болуп калышы мүмкүн. Орто эсеп менен менингиттерди 10 күн дарылайт. Бул оору оор инфекциялардын катарына кирет. Белгилерине кайрылсак, адамдан дене табы көтөрүлөт. Башы катуу ооруйт, кустурат. 14 жашка чейинкилердин көп ооруганын себеби алар бири бири менен көп байланышат, контактка барышат. Бул жугуштуу болгондуктан, бири бирине жугат».

Оорунунун мүнөзүнө жараша менингиттин бир канча түрү бар. Алардын бири ириңдүү менингит. Ал баш мээнин чел кабыгынын оорудан улам ириңдеши. Ал эми ириңсиз менингитти вирустар козгойт. Оорулуунун чүчкүрүгү, жөтөлгөндөгү шилекейи, вирус түшкөн буюмдар аркылуу жугат.

Улуттук госпиталдын дарыгери Нуржан Шабданбаева менингиттин ириңдүү түрү тууралуу айтып берди. Бул оорунун өрчүшүп кеткен түрүнө кирет. Дарыгер илдетти дарыланышына токтолду.

«Менингиттин дагы бир түрү – ириңдүү менингит. Бул кайсы органдын ооруп башташынан ириңдеп кеткенге чейин жетет. Бул баш мээнин кабыкчасынын кабылышы. Бул гаймориттен өрчүшүп кетиши мүмкүн. Ал эми кулак тараптан өнөкөт кармагандан баш мээге өтүп кетиши мүмкүн. Аны антибоитиктерди колдонуу менен дарылоо зарыл. Мындан сырткары кайсы органда ириң болсо, баарын тазалаш керек».

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 2017-жылы өлкө аймагында менингит оорусу 14 пайызга азайган. 2016-жылы бул оору менен ооругандардын саны 103 болсо, 2017-жылы 88ди түзгөн.

Оорунун өсүшү башка аймактарга караганда Бишкекте (34 учур) жана Ош шаарында (20 учур) көбүрөөк катталган.

 

Copyright © 2017 Maral FM