Биз менен байланышыңыз

Министрлик: акысыз дарылануу жана арзан дары-дармек сурап кайрылгандар көп

Ден соолук , Коом | 28 Ноя 2022 | 1510 | 0

Медициналык тейлөөнүн сапатына нааразы болгондор Саламаттык сактоо министрлигине кайрылып жатышат. Кайрылгандардын 50 пайызын арзандатылган же акысыз дарыланууну жана каржылык жардам көрсөтүүнү сурангандар түзөт. Ал эми 30 пайызы мамлекеттик жана жеке менчик ооруканаларда тейлөөнүн сапатсыздыгына арызданышса, калган 20 пайызы жеңилдетүү менен берилген дарыларды сурап кайрылган. Учурда атайын түзүлгөн комиссия даттанууларды карап жатат. 

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, ушул жылдын 23-ноябрына чейин 300дөй жаран коомдук кабылдамага кат түрүндө кайрылган. Алардын бири Салтанат Аргенова мамлекеттик ооруканаларда тейлөөнүн сапаты канааттандырарлык эмес экенин белгилеп, ар бир кызматка акча төлөнө турганын айтты. Ал мамлекеттик жана жеке менчик ооруканалардын кызмат акысы теңелип калды деген пикирде.

«Азыр ушундай кымбатчылык мезгилде ооруканага кайрылуу да кыйын болуп калды. Эгер акчаң көп болсо жеке менчик ооруканаларга барсаң болот. Мамлекеттик ооруканаларга барайын десең, ал жактан да босогодон аттар менен акча сурашат. Мамлекеттик ооруканаларда эрте менен барсаң да, кезек күтөсүң. Кезек күткөндөр көп. Кезек күткөндөр менен талашып, кайра ооруңду күчөтүп келесиң. Ушул сыяктуу медициналык тейлөө кызматтарын мамлекет бир нукка салып, көйгөйдү чечип берсе болмок».

Министрликтин коомдук кабылдамасына кайрылгандардын жарымынан көбү акысыз же арзандатылган дарыланууну сурагандар болду.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков мекеме тарабынан медициналык тейлөө кызматын жакшыртууга багытталган аракеттер көрүлүп жатканына ишендирди.

Учурда кагаз түрүндө кайрылгандардын арызын атайын түзүлгөн комиссия карап жатат.

«Негизги суроолордун көбү сапат жагынан, ошондой эле бизде жок кызматтарды чет жактан кантип алууга болот деген суроолор бар. Бул суроолорго жооп берүү боюнча бүгүнкү күндө иштер жүрүп жатат. Экинчи маселе, медицинкалык кызматкерлер бейтаптарды кабыл алганда акча талап кылып, орой мамиле жасаган учурлар болуп жатканын айтышууда. Кагаз түрүндө кайрылгандарга атайын комиссия түздүк. Аны териштирип, чараларды көрүп жатабыз. Кайрылуу чындыкка дал келген учурда кээ бир кызматкерлерге эскертүү берилип, айрымдары жумуштан алынып жатат. Текшерүүлөр дагы да уланат».

Мындан сырткары министрдин орун басары Садыков ооруканаларга электрондук кезекке туруу эмне себептен толук кандуу ишке кирбей жатканын түшүндүрдү.

«Электрондук кезек азыркы учурда Кыргызстандык бардык ооруканаларына киргизилген. Бирок технология өзүнүн керектүү деңгээлине жетпей жатат. Тиркемени иштеп чыгуу жана башка ушул сыяктуу техникалык жактан бир аз көйгөйлөр болуп жатат. Бардык нерселер эске алынып иштелсе, толук кандуу ишке кирет. Ал эми экинчи жагынан, бейтаптар өздөрү электрондук кезекке турууну билбей жатышат. Ошондуктан жеңил жана жөнөкөй тиркеме иштелип жатат. Электрондук кезекке турган күндө дагы, бейтаптардын көбү кадимкидей кезек менен келип алышып, түшүнбөй ызы-чуу салышат. Электрондук кезек толук иштей баштаса, элди көндүрүү үчүн ооруканалар толук кандуу электрондук кезек менен кабыл ала баштайт. Тез жардам менен кайрылгандардан сырткары, баары электрондук кезек менен кабыл алынат».

Кыргызстанда онкологиялык оорулар, кургак учук, ВИЧ/СПИД оорусу, өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги сыяктуу дарттар акысыз дарылоо категориясына кирет. Мындан сырткары балдар, пенсионерлер жана кош бойлуу аялдарга жеңилдиктер каралган.

Медицина тармагы боюнча адис Бермет Барктабасованын пикиринде, мындай көйгөйлөрдү ооруканалардын кызматкерлери жөнгө сала албайт.

Бул маселе мамлекеттик деңгээлде чечилиши зарыл. Кыргызстанда медицинага бөлүнгөн каражат аз. Мындай көйгөйлөр болбошу үчүн бюджеттен жетиштүү өлчөмдө каражат бөлүнүшү керек.

 «Медициналык тейлөөнүн сапатына эл нараазы болуп жатат. Бирок бул көйгөйдү ооруканалар өзү чече албайт. Тейлөөнүн сапатын жакшыртууга жетиштүү каражат болушу керек. Өлкөдө медицина жаатына бөлүнгөн каражат аз. Башка өлкөлөрдүкүнө салыштырып көрсө болот. Сапаттуу тейлөө үчүн да каражат керек. Сапаттуу техникалык жабдыктар болуш керек. Ооруканада иштегендердин санын көбөйтүү керек. Себеби бир эле кызматкер дем алышсыз иштеп калса да, бейтапты тийиштүү деңгээлде тейлей албайт. Маанайы жок, чарчаңкы абалы менен тейлөө мүмкүн эмес. Ушул сыяктуу маселелерге көңүл буруш керек».

Өлкөдө мамлекеттик ооруканаларда дарылануу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун каржылоосу менен ишке ашат.

Өткөн жылдагы статистикага ылайык, 126 стационардык оорукана, 1057 фельдшер-акушердик пункт, 686 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 61 жалпы дарыгерлердин практика борбору жана 17 үй-бүлөлүк медицина борбору бар.

 

Copyright © 2017 Maral FM