Биз менен байланышыңыз

Катар-2022: Неймар тайпалык этаптагы кийинки оюндарга катышпайт

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 26 Ноя 2022 | 390 | 0

Бразилия курамасынын чабуулчусу Неймар Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун тайпалык этабынын калган оюндарына катыша албайт.

Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, чабуулчу 28-ноябрда Швейцария жана 2-декабрда Камерун менен болгон беттеште ойнобойт.

Командасы оюнчу турнирдин плей-офф оюндары башталганга чейин калыбына келет деп күтүп жатат.

Буга чейин, Бразилиянын курама командасынын дарыгери Родриго Лесмар Неймардын оң буту чоюлуп калганын айтып, чабуулчунун мындан ары чемпионатты улантаары азырынча белгисиз экенин айткан.

Белгилей кетсек, Бразилия курамасынын чабуулчусу Неймар Дүйнө чемпионатында Сербия менен болгон оюнда бутунан жаракат алып, оюн талаасынан чыгууга мажбур болгон.

 

Катар-2022: Неймар алган жаракатынан улам кийинки оюндарга катышуусу күмөн 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM