Биз менен байланышыңыз

Катар-2022: Неймар алган жаракатынан улам кийинки оюндарга катышуусу күмөн

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 25 Ноя 2022 | 735 | 0

Бразилия курамасынын чабуулчусу Неймар Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатында Сербия менен болгон оюнда бутунан жаракат алып, оюн талаасынан чыгып калды.

30 жаштагы бразилиялык оюнчу сербиялык коргоочу Никола Миленкович менен кагылышуудан кийин алмаштырылды.

Анын оң бутундагы оорудан улам ордуна Энтони келген.

Бразилия курама командасынын дарыгери Родриго Лесмар чабуулчунун абалы тууралуу буларды билдирди:

«Анын бутунун тарамышы чоюлуп калган. Азырынча толук текшерүүгө үлгүрө элекпиз, бирок бир аз шишип кеткен. Биз бир күн күтүп, реакция кандай болорун көрүшүбүз керек» , — деди ал.

Мындан тышкары, адистер толук экспертизадан өткөрө элек экенин айтып, чабуулчу чемпионатты мындан ары улантаары азырынча белгисиз экенин кошумчалаган.

Катар-2022: Бразилия Сербия курама командасын жеңип алды 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM