Биз менен байланышыңыз

Катар-2022: Бразилия Сербия курама командасын жеңип алды

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 25 Ноя 2022 | 439 | 0

Бразилия курама командасы Катарда өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунун тайпалык этабынын 1-турунун алкагындагы беттеште Сербия курама командасын жеңип алды.

Оюн Лусаил шаарындагы «Лусаил Айконик» стадионунда өтүп, 2:0 эсеби менен Бразилия командасынын жеңиши менен аяктады.

62-мүнөттө Ришарлисон эсепти ачса, 73-мүнөттө дагы бир гол киргизди.

Белгилей кетсек, Бразилия курама командасы дүйнө чемпионатынын беш жолку чемпиону

Кийинки турда бразилиялыктар Швейцария менен, ал эми сербдер Камерун менен беттешет.

Эки жолугушуу тең 28-ноябрда болот.

Катар-2022: Португалия Гананы 3:2 эсебинде утуп алды 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM