Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө аялдарга карата зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк башталды

Коом | 25 Ноя 2022 | 630 | 0

Бүгүн Кыргызстанда аялдарга карата зордук-зомбулукту алдын алууга жана жоюуга чакырган 16 күндүк акция башталды. Анын алкагында өлкө боюнча зордук-зомбулукка ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт. Мындан сырткары социалдык тармактарда «Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору тууралуу маалыматтык кампания жүрүп жатат. Зомбулукка каршы күрөшүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарды колдоо үчүн мамлекетте бир топ кризистик борборлор иш алып барат. Алар зомбулуктун ар кандай түрүнөн жабыркагандарга психологиялык, медициналык жана материалдык жардам көрсөтөт. Өнөктүк 25-ноябрдан 10-декабрга чейин созулат.

25-ноябрь – Аялдарга карата зомбулукту токтотуунун Эл аралык күнүнө карата жүрүп жаткан 16 күндүк өнөктүккө өлкөнүн бардык аймактарында жайгашкан кризистик борборлор катышууда. Алардын бири Ош шаарында жайгашкан «Ак жүрөк» кризистик борбору 2002-жылдан бери үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга жардам көрсөтүп келет.

Борбордун жетекчиси Дариха Асылбекова кризистик борбор ачылгандан бери жалпы 4317 адам жардам сурап кайрылганын, анын ичинен 95%ы аялдар экенин айтты. Зомбулукка кабылып, кайрылган аялдардын саны жыл сайын көбөйүп жатканын кошумчалады.

«Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө үй-бүлөлүк анын ичинде аялдарга карата болгон зомбулук маселеси курч бойдой калууда. Азыркы учурда мындай учурлар көп катталып, кайрылгандардын да саны өсүүдө. Мисалы, ушул жылдын 20-ноябрына чейинки статистиканы карасак, биздин борборго 2300дөй адам кайрылды. Анын ичинде 40 пайызы эркек болсо, калганы аялдар. Ушул маселелерди кичине болсо да жеңилдетүү, жардам берүү максатында бизде убактылуу баш калкалоочу жай бар. Бизге түштүктө жайгашкан Баткен, Жалал-Абад облустарынан зомбулукка кабылган аялдар келишет. Мындан сырткары Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүйдөн да зомбулукка кабылып, качып келген аялдар бар. Биз аларга керектүү жардамдардын баарын беребиз».

Расмий маалымат боюнча өлкөдө акыркы эки жылда 20дан ашык аял зомбулуктан каза болгон. Жылына 10 миңге жакын аял үй-бүлө зомбулугунан жабыркайт. Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын 90% дан  ашыгы сотко жетпей ар түрдүү себептер менен кыскарып кетет.

Бишкек шаарында жайгашкан «Шанс» кризистик борборунун психологу Адинай Жапаралиева көбүнчө жакындары тарабынан зомбулукка кабылган аялдар менен иштешүү оор экенин айтат.

Кризистик борбор акциянын алкагында, шаарды кыдырып, кыздар жана аялдар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

«Борборборго кайрылгандардын арасында ур токмокко кабылгандар, сексуалдык зомбукка жана башка кордуктарды көргөн аялдар кайрылат. Бишкекте ички миграция көп болгону үчүн айылдан келгендер көп. Биз жабыркагандарга юридикалык, психикалык, социалдык жактан жардамдарды көрсөтөбүз. Мындан сырткары сексуалдык зомбулукка кабылгандарга медициналык жардам беребиз. Ал эми зордуктаган адамга арызды 18 жашка чыккандар өз каалоосу менен жазышат. Жазбай койгондор да бар. Кайрылгандарга 1-2 ай, кээде 3-4 жылга созулган психологиялык жардам берилет».

Баткен облусундагы «Активист» кризистик борборунун юристи Гүлбурак Ибрагимованын айтымында, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялардын көпчүлүгү арыз жазбайт. Укуктарын коргоону билбегендер көп экенин айтат.

Ал жабыркаган аялдарга арыз жазууга жардам берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

«Айылда жарандык никеде жашаган үй-бүлөлөр көп болгондуктан, ажырашкан аялдар алимент алалбай кайрылышат. Кайнагасы, күйөөсү жана кайненеси тарабынан ур-токмокко алынып, кайрылган келиндер бар. Мен зомбулук кылган адамга карата арыз жазууга, укуктарын коргоого жардам берем. Арасында жарашып, кайра тосмо арыз жазып койгондор да болот. Айрымдары коркконунан арыз жазбай коет. Ошол учурда түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз».

Учурда социалдык тармактарда «Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору тууралуу маалыматтык кампания жүрүп жатат.

Мыйзам долбоор үй-бүлөлүк жана сексуалдык зомбулукка чараны катаалдатуу жана зомбулуктан жабыркаган адамдарды өз убагында коргоо максатын көздөйт. Долбоор Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова тарабынан демилгеленген.

Эгер сунушталып жаткан өзгөртүүлөр кабыл алынса, зордуктоого, сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө, балакатка жете электерди мажбурлап никеге тургузууга, алардын никесин кыюуга шектүүлөргө карата козголгон кылмыш иши тосмо арыз жазылган учурда да жабылбайт.

 

Copyright © 2017 Maral FM