Биз менен байланышыңыз

«Бешке чейин үлгүр» же балдарды кенже курактан тартып өнүктүрүү эмне үчүн маанилүү?

Коом | 24 Ноя 2022 | 940 | 1

Өлкөдө балдарды кенже курактан өнүктүрүү максатында ата-энелер үчүн «Бешке чейин үлгүр» тиркемеси иштелип чыкты. Ал «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду тарабынан австралиялык «Миндеру» фонду жана Сидней университетинин колдоосу менен даярдалды. Анда ата-энелер үчүн акыркы илимий изилдөөлөрдүн негизинде даярдалган маалыматтар камтылган. Негизи балдарды кенже курактан баштап кантип өнүктүрсө болот? Бул канчалык маанилүү? 

Өлкөдө буга чейин да кенже курактагы балдарды өнүктүрүү максатында бир канча долбоор иштеп келген. Алардын катарына «Бешке чейин үлгүр» демилгеси кошулду. Башкалардан айырмаланып бул долбоордун алкагында атайын тиркеме даядалып, ар бир жаран үчүн телефон аркылуу колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Демилгенин пиар адиси Салтанат Адылбек кызынын айтымында, тиркемеде балдарды кенже курактан өнүктүрүү боюнча акыркы илимий изилдөөлөрдүн негизинде даярдалган маалыматтар камтылды. Мисалы, ата-энелер үчүн илимий негиздемеси менен 100дөй пайдалуу кеңеш бар.

«Бүгүнкү күндө «Google Play, App Store» тиркемесинен жүктөп алып, баласынын өнүгүүсүнө жардамчы боло турган ар кандай кеңештерди окуп, колдонсо болот. Тиркеменин негизги максаты кыргыз тилинде балдарды кенже курактан өнүктүрүү боюнча акыркы илимий изилдөөлөрдүн негизинде даярдалган маалыматтарды окууга шарт түзүү. Бул тиркемедеги кыска жана жөнөкөй тил менен жазылган кеңештерди колдонуу менен күн сайын ата-энелер балдарынын келечекте ийгиликтерге жеткире турган көндүмдөрүн калыптандырганга жардам бере алышат. Тиркеме интернетсиз иштей берет. Окуганга убактысы жок ата-энелер аудио түрүндө уга алышат».

Педагог Асел Жакыпбекова эрте курактагы балдардын ата-энеге болгон суроолору көп болорун айтат. Ал мындай учурда ата-энелерди баланын ар бир суроосун жоопсуз калтырбоого чакырат. Себеби бул баланын келечекте өнүгүүсү үчүн маанилүү ролду ойнойт. Ошол куракта баланын кызыгуу сезимдери калыптанат.

«Кичинекей кезде балдар абдан көп суроолорду беришет. “Эмне үчүн жалбырак жашыл? Асман эмне себептен көк?” сыяктуу суроолорду узатышат. Мындай учурда ата-эне жөн эле унчукпай койбостон, жооп берип, түшүндүрүшү керек. Эгер ата-эне бала менен баарлашса, анда баланын билими, аң-сезими жогору болот. Ошондо гана баланын кызыгуу сезимдери ойгонот. Көпчүлүк ата-энелер балам мектепте окуганда эч нерсеге кызыкпайт дешет. Эмне себептен мындай болот? Бала кичинекей кезинде башында айтылган суроолорду бергенде, ата-энелер көңүл бурбай коюшат. Ошондон улам баланын кызыгуусу өчөт. Эгер ата-эне жооп берсе, анда баланын кызыгуусу пайда болуп, андан ары маалымат издей баштайт».

2014-жылдагы Мультииндикаторлук кластердик изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, 3-5 жаштагы балдардын 23% гана бала бакчага барат. Алардын 40,5% шаарда мектепке барса, элет жергесинде мектепке чейинки билим берүү мекемелерине 16% гана барат.

Психолог Жакшылык Жыргалбеков балдардын кенже курактан баштап өнүгүүсүн калыптандыруу маанилүү экенин белгилейт. Ошондой эле бул жаштагы балдарды кызыктуу оюндар аркылуу өнүктүрүү да натыйжа берерин айтат.

«Ар бир жаштын өзгөчөлүктөрү бар. Ошондой эле муктаждыктары бар. Психикалык жана интеллектуалдык өсүүсү да ошого байланыштуу. Буга байланыштуу атайын иш-чараларды өткөрүү керек. Эгер 3 жаштан жогору балдарды алсак, алардын негизги функциясы дүйнө таануу. Ал эми 5 жаштан жогору баланын логикасы иштей баштайт. Негизгиси түшүнүп баштайт. Чоң адамдарды окуткандай аларды окута албайбыз. Ата-эне же бала бакчадагы тарбиячы ар кандай оюндар аркылуу башкалар менен сүйлөшкөндү үйрөтүү керек. Ушул сыяктуу кадамдардан кийин бала бир жакка чыкса, баарлашканды үйрөнөт. Мунун аркасына өсүп, өнүгөт».

Психолог Венера Урманбетова баланын негизги мүнөзү кенже курактан түптөлөт деп эсептейт. Ошондуктан бул мезгилде ата-эне баланын өнүгүүсүнүн калыптануусуна өзгөчө көңүл буруусу керек.

Бирок ата-эне баланы эрте жашта өнүктүрүү үчүн, ар кандай окутууларга сүйрөй бербеши керек.

«Бул өтө маанилүү курак болуп саналат. 3-4 жаш бул кризистик жана оор учур болот. Баланын негизги мүнөзү ушул куракта түптөлөт. Андан кийин социалдык коом менен аралашып, бала бакчага, мектепке барып кошумчаланат. Баланы өнүктүрөм деп эле көп жакка сүйрөй бербеш керек. Баланын алына, жашына караш керек. Ата-эне бала менен ачык сүйлөшкөндү билиш керек. Баланын маанайына карап, маанайы начар болсо, себебин сурап, оюн угуш керек. Баланын ачык айрым оюн айтууга шарт түзүү керек. Бул нерсе келечекте өнүгүүгө чоң жардамын берет».

Буга чейин ЮНИСЕФ эрте куракта балдарды өнүктүрүү жана окутуу программасын иштеп чыккан. Анда атайын стандарттарды иштеп чыгуу демилгеленген. Анын алкагында уюм мугалимдерди жана окуу-методикалык материалдарды даярдоо программаларын иштеп чыгууга катышкан.

Бүгүнкү күндө өз убагында бала бакчаларга барбай калган балдарды 1-класска даярдап, билим берүүгө болгон муктаждыктарын канааттандыруу үчүн бала бакчаларда жана даярдоо класстарында окуу уюштурулган.

 

 

 

1 пикир

1 пикир

  1. Жылдыз

    12.01.2023 18:47

    Саламатсыздарбы, мага абдан жакты Ата энелеиге чон жардамчы болот эле кобуроок маалымат кутобуз алдын ал Рахмат

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM