Биз менен байланышыңыз

Сурабалдиева: Кемпир-Абаддын берилишине каршы чыккан депутаттарга коркутуу болууда

Кыска кабар | 24 Ноя 2022 | 625 | 0

Депутат Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин 24-ноябрдагы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимге каршы добуш берген депутаттарга коркутуу болуп жатканын айтты.

Ал төрага Нурланбек Шакиев эл өкүлдөрүн коргой албай жатканын сындады.

«Сиз унчукпай отура берсеңиз, бизди коргой албасаңыз, анда биз сизди эмнеге шайладык? Кечээ менин туулган күнүм болчу, урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич (Ташиев), сиздин белегиңизди эч качан унутпайм. Менин бир тууганыма «иш козгойм» деп коркуткан УКМКнын кызматкерлерин да унутпайм.

Кечээ депутаттар менен сүйлөшсөм, чек ара келишимине каршы чыккандардын баарынын мамлекеттик кызматта иштеген туугандарын жумуштан алып жатыптыр. Менин жакын туугандарымдын арасында мамлекеттик кызматта иштегендери жок, бирок алыскы туугандарымды иштен алып жатыптыр. Бул уят нерсе, УКМК, ушуга чейин барсаңар, оокатыңарды, бизнесиңерди тартып алам десеңер, бул Бакиевдердин тушунда да болгон эмес. Жайында эки ай коркутуп, үркүтүп, текшерип чыктыңар.

Эки ай өтө элек, эми УКМК менин туугандарымдын бизнестерине келип, «ал кызды тыйынсыз калтырам, талаада калтырам» деп  коркутуп жатыптыр. Баарыңар табакташ болуп отуруп алып, бизди бир-бирден атып эле салбайсыңарбы? 2020-жылдын 6-октябрга караган түнү ким каякта эмне кылып жүргөнүн элдин калың катмары билет» , — деди Сурабалдиева.

Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоору дароо үч окууда каралып, кабыл алынган. Келишимге 19 депутат каршы добуш берген. Алардын бири Элвира Сурабалдиева.

Copyright © 2017 Maral FM