Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев административдик-аймактык реформа маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Өкмөттүн маалыматына караганда, 2026-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук программасына ылайык, административдик-аймактык түзүлүштүн жаңы моделин иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүүдө.
Реформалар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын күчөтүүгө жана алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев сентябрь айында өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен административдик-аймактык реформа жүргүзүүгө даярдыктар башталганын айткан.
Кийин ноярбдын башында «Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин айылдары эле өнүгүүдө» деген кептер тарагандан кийин, буга жооп катары 2020-жылдын октябрынан тартып өлкө боюнча курулган объектилер боюнча маалымат тараткан.
Султанбаевдин айтуусуна караганда, 2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын 1-октябрына чейин республикалык бюджеттин эсебинен 193 объектинин курулушу жана оңдоп-түзөө жумуштары 6 млрд 172,1 млн сомго бүткөрүлгөн.