Биз менен байланышыңыз

Султанбаев: Аймактык реформа Түптөн башталат

Кыска кабар | 30 Сен 2022 | 474 | 0

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен административдик-аймактык реформа жүргүзүүгө даярдыктар башталганын айтты.

Адистер тобу алгач пилоттук аймак катары Ысык-Көл облусун, анын ичинде Түп районун тандап алды. Бул реформанын алкагында Түп районундагы 13 айыл аймагынын базасында ирилешкен 5 айыл аймагы түзүлмөкчү.

Түп районунда пилоттук долбоор катары келерки жылдан киргизилип жаткан реформанын натыйжасында, айыл аймактарынын бюджетин кеминде эки эсе жогорулатуу пландалып жатат. Бул үчүн райондун өнүктүрүү фондуна каралган каражат да көбөйтүлөт. Бүгүнкү күндө айыл аймактарын өнүктүрүүнүн экономикалык негиздери, өнүктүрүү программалары иштелүүдө.

«Айыл аймактарын реформалоодо бардык ресурстар, тобокелдиктер эске алынып, класстердик ыкма, «Бир айыл-бир продукт» программасы негиз болууда. Түп районунда жүргүзүлгөн реформанын жыйынтыгы жана натыйжасы менен келечекте толук кандуу административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп, ал кийинки этаптарда райондор менен облустарга тиешелүү болот», — деди Эрбол Султанбаев.

27-сентябрда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов кызматын тапшырып, жергиликтүү башкаруу системасына реформа керек экенин айткан. Ал азыркыдай башкаруу болуп турганда эч кандай өнүгүү болбой турганын билдирген.

Буга президенттин аппараты дароо жооп берип, аймактарды реформалоо боюнча долбоор жыл башынан бери иштелип жатканын жана бул көп убакытты талап кыларын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM