Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда курулуш жаатында эмнелер трендде?

Блог | 23 Ноя 2022 | 456 | 0

Бүгүнкү күндө курулуш тармагы өтө тездик менен өнүгүп келе жатканын байкоого болот. Анда батирлер, турак-жайлар жаңы тренддер жана стандарттар менен салынып жатат. Тандоого варианттар көп болгону үчүн кардарлар маанилүү нюанстарга көңүл бурбай калган учурлар көбөйүүдө.

Мындан улам биз курулуш жаатындагы жаңы тренддер, батир тандап, сатып алууда кардарлар эмнелерге көңүл бурушу керектиги, кыймылсыз мүлктүн түрлөрү туурасында Кыргызстандагы алдыңкы курулуш компанияларынын бири “Авангард Стилдин” адистери менен маек курдук.

Азыркы тапта Кыргызстанда кандай жаңы тренддер бар?

-Негизги тренд – бул салынып жаткан көп кабаттуу үйлөр бир концепциянын негизинде курулуш керек.

Концепция деген бул – ар бир үйдүн өзүнүн тарыхый, эстетикалык мааниси. Мисалы “Авангард Стиль” компаниясынын баарына таанымал “Французский квартал” деген көп кабаттуу үйү бар. Ал концептуалдуу турак-жай болуп эсептелинет. Себеби француз архитектурасынын негизинде жапыз болуп 7 этаждуу салынган.

Азыркы тапта жашыл экономика деп дүйнөдө энергияны үнөмдөө жана жаратылышка зыян келтирбөө аракеттери көрүлүүдө. Сиздердин компания жашыл экономикага кандай маани берет?

-“Авангард стиль” компаниясында — жашыл экономика артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Азыркы тапта энергияны үнөмдөө, жылуулукту туура сактоо максатында үйлөрдү атайын терезе, эшиктер менен камсыз кылат. Биздин үйлөрдө кышында жылуу, жайында салкын. Ал эми турак жайдын короосуна бак-дарак, гүлдөрдү тигип, айлана чөйрөнү болушунча жашылдандырабыз. Үйлөрдү ушундай стандарттар менен салсак, биз кичине болсо дагы жашыл экономикага салымыбызды кошкон болобуз.

Эл арасында кандай турак-жайларга суроо талап көп болуп жатат?

-Суроо талап көп, бирок Кыргызстан боюнча турак-жайлардын саны жетишсиз. Мисалы ар бир кардардын каалоолору болот: батир ага жаккан райондо жайгашкан болсо, жумушуна жакын болсо, мектеп, бала-бакча, оорукана, супермаркет деген жай турмушта керектүү социалдык обьектилер да жакын жайгашса деп айтышат. Көп кабаттуу үйдүн короосуна, балдар аянтчасына жана өзгөчө унаа токтотуучу жайына көңүл бурушат. Азыркы тапта Бишкектин түштүк тарабында курулуп жаткан үйлөр өзгөчө популярдуу болуп жатат.


“Элитка” деп эмнени айтабыз же батирлердин техникалык өзгөчөлүктөрү


“Авангард стиль” курулуш компаниясында кардарлар үчүн кандай жеңилдиктер жана шарттар каралган? Батир сатып алууда бөлүп төлөө менен же ипотекага алса болобу?

-Биздин кардарлар үчүн ыңгайлуу шарттар жана жеңилдиктер түзүлгөн:

Арзандатуулар бар;

Курулуш иштери бүткүчө бөлүп төлөө шарттары каралган;

Көбүнчө кардарларыбыз бөлүп төлөө менен батирлерди көп алышат. Мисалы: Эгер долбоорубуз эки жылга пландалса, ошол эки жылдын ичинде бөлүп төлөп алууга шарттарды түзүп беребиз. Ипотека боюнча азыркы тапта банктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Кардарларыбызга ыңгайлуу болсун деп 5-8 жылга чейин төлөөнү караштырып жатабыз.

Үйлөрдүн сырткы келбети, архитектуралык түзүлүшү канчалык маанилүү? Себеби Бишкектеги жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйлөрдү архитектуралык гармония жок. Башаламан деп сын айтылып келет.

-Бүгүнкү күндө курулуш компаниялар жерди алгандан кийин, башка курулуш компаниялар менен жакын жерде иштерди жүргүзө турган болсо бири-бири менен келише албай, атаандаша албай, ар ким ар кандай архитектуралык планировка, стиль менен салып кете беришет. Мындан улам башаламан болуп, бул борбор калаанын эң негизги көйгөйлөрүнүн бири.

Мындай учурларда өкмөт тарабынан көзөмөл күч болсо, бир концепцияны бекитип, чоң райондор салынарына алар дагы кызыкдар болсо жакшы болмок.

Мисалы Орусияда өкмөт курулуш компанияларга чоң жерлерди берет, ошол жакта компаниялар биргеликте үйдү архитектуралык стиль, сырткы келбетин, айланадагы социалдык обьектилдердин планын түзүп, салып кете беришет.

Бугүнкү күндө биздин компания салып жаткан эң кичинекей жер 4,5 гектар болуп жатат. Ал жерди бирдей архитектуралык стиль колдонулсун деп, жаңы долбоорлорубуз бардык стандарттарга жооп берет.

Сиздердин компаниядан батир сатып алам дегендер кайсы жакка кайрылса болот?

-“Авангард стиль” компаниясынын Бишкекте үч сатуу бөлүмү бар. Башкы сатуу бөлүмүбүз Токтогул 125/1 дарегинде жайгашкан. Каалоочулар ушул дарек менен кайрылса биздин адистерибиз баарын түшундүрүп, кененирээк маалымат беришет.

Байланыш телефон номуру: 0997-007-007

Кардарлар бизге чалса, биздин адистер өзүбүздүн кызматтык унаабыз менен кардарды айткан жеринен алып кетип, барып көрсөтүп, кайра жеткирип коюшат.

Алдыдагы пландарыңыздар менен бөлүшө кетсеңиз. Балким жакын арада жаңы долбоорго күбө болобуз?

-Жакынкы арада жарандар биздин жаңы “Green Hills” долбооруна күбө болушат. Бул биздин компаниянын мындай стилдеги жана концепциясы жагынан дагы алгачкы долбоор болуп эсептелинет.

Бул үйлөр шаар четинде, тагыраагы Байтик айыл аймагында жайгашат. Эки кабаттуу жана англис классикадагы үйлөр болот.

Аталган аймакта тоолор аябай жакшы көрүнгөнү үчүн да атайын “Green Hills” деген аталыш койгонбуз.

Үч түрдөгү үйлөр болот: “Манчестер”, “Ливерпуль”, “Челси”. Бул үч типтеги үйлөр өзүнүн стили, ичиндеги планировка жана архитектуралык түзүлүшү менен айырмаланып турат.

Биз буга чейин жер үйлөрдү (особняк) курчу эмеспиз. Кардарлар тарабынан жер үйлөргө да суроо талап көбөйгөнү үчүн, ушундай жаңы долбоорду баштайлы деп чечим кабыл алдык.

1,5 жылда курулуш иштери бүтөт. Жалпы аянты 6,7 гектар. Азыркы маалда эң ири долбоор. Ал жерде болгону 37 үй болот. Мындан тышкары өзүнүн сейил багы, балдар аянтчасы, унаа токтотуучу жай, спорт аянтча, теннисттик корт курулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM